Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 24.05.2018 09:54

Кочкорлук бийчи кыздар жаш таланттардын облустук сынагында баш байгени алышты (фото)

Turmush -  Кочкор районунун «Сезим» бийчилер тобу «Жаш таланттар-2018» облустук кароо-сынагынын баш байгесин жеңип алышты. Аймактык кабарчы билдиргендей, сынакка райондордон келген 20га жакын бийчилер тобу катышкан.

Маданий иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылына жана жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду. Калыстардын чечими менен жеңишти багындырган бийчи кыздар диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Учурда жеңүүчү кыздар Н.Жүндүбаева атындагы орто мектепте билим алып жатышат. Алар буга чейин облустук, республикалык сынактарда ийгиликтерге жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×