Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 24.05.2018 09:37

Кочкордо бүтүрүүчүлөрдүн жыйыны жөө жүрүш менен коштолду (фото)

Turmush -  Кочкор районунда үчүнчү жолу бүтүрүүчүлөрдүн слёту болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара райондук мамлекеттик администрация, райондун депутаттарынын кошмо жыйын кеңеши жана мекеме-ишканалар тарабынан уюштурулду. Слёттун катышуучулары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулардын коштоосунда администрациянын имаратынан баштап маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасашты.

Райондун ар бир айылынан келген бүтүрүүчүлөр ардак грамоталар менен сыйланышты. Иш-чара асманга шар учуруу менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×