Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баракелде, Бишкек 23.05.2018 13:28 На русском

«Тапочка сатам»: Депутаттар Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысына кыргыз тили боюнча сынак өткөрүштү

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчисине сынак өткөрүштү.

Бүгүн, 23-майда парламенттин отурумунда жарнама жөнүндө мыйзамды оңдоо маселеси каралып жатат. Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жарнаманын тексттин жазууда орфографиялык ката кетиргендерге алгач эскертүү берилиши керек.

«Буга чейин кесиптешим Жалал-Абад сөзүнүн жазылышы менен мисал келтирген. Ал учурда бул сөз төрт башка жазылып жатканын айткан. Ушундай эле көрүнүш Ысык-Көл сөзүнүн жазылышында да болушу мүмкүн. Кыргыз тилинде Ысык-Көл бир "с" тамгасы менен жумшартуу белгиси жок жазылат. Ал эми орусчада башкача. Эгер биз оңдоолорду кабыл алсак, жеке жактарга кыргыз тилинде жазбаганы үчүн айып салынабы? Алгач эскертүү берүү керек», - деди эл өкүлү.

Депутат бир сөздү башка тилге которууда көйгөй болушу мүмкүн экенин белгиледи. «Мисалы, "Тапочка сатам" деген кулактандыруу жазышты. Айтыңызчы, тапочка сөзү кыргызча кандай болот?», - деп сурады Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Наразкул Ишекеевден.

Н.Ишекеев эл өкүлүнө аталган сөздүн туура которулушун сөздүктөн карап көрүү керектигин айтты.

«Көрдүңүзбү, сиз да которууда кыйналышыңыз мүмкүн. Мындай көйгөй баарында болушу мүмкүн», - деди Д.Бекешев.

«Бул сөздү чокой же бут кийим деп которууга болот», - деп жооп берди спикер Дастан Жумабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×