Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 22.05.2018 17:37

Нарын шаарында конъюнктивит оорусу күч алып, үй-бүлөлүк ооруга айланууда (фото)

Turmush -  Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна Нарын шаарынан 2018-жылдын 4 ай ичинде 695 бейтап конъюнктивит оорусу менен кайрылып, өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 416 адамга көп катталган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган борбордун көз оорулар боюнча дарыгери Касыйна Мамырова билдирди.

Анын айтымында, жугуштуу дарттын эпидемия болушунун себеби адамдардын гигиенаны сактабагандыгынан келип чыгат.

«Конъюнктивит оорусун вирустар козгоп, ал адамдан адамга жугуп, күз жана жаз айларында пайда боло турган сезондук дарт болуп эсептелинет. Бул оору ар жылы ар кандай өтөт. Быйылкы жазда бактериялуу жана вирустуу жол менен тарап аралаш өткөндүктөн оор болуп, үй-бүлөсү менен чогуу ооругандар көп болуп жатат. Биз бала бакчаларга, мектептерге, мекемелерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, текшерип жатабыз.

Эгерде оору байкалса, анда бейтап тез аранын ичинде дарыгерге кайрылуусу керек. Эгер үйдө бул ооруну алып жүрүүчү бар болсо, өзүнчө сүлгү колдонуп, оорулуу колдонгон дарыдан үй-бүлө мүчөлөрү да эртең мененкисин үчтөн тамчыдан алып турушу шарт. Иштегендерге оору баракчасын ачып берип, мектеп окуучуларына, студенттерге түшүндүрмө кат берип жатабыз.

Негизи 15 күндүн ичинде айыгышы керек, бирок быйыл дарттын өтүшү оор болгондуктан 1 айга чейин созулуп жатат», - деди Касыйна Мамырова.

Конъюнктивит — конъюнктиванын (көз жапкагынын ички чел кабыкчасынын) жана көз алмасынын сезгениши. Ал микробдун, вирустун, физикалык жана химиялык факторлордун (чаң, кум, химиялык заттар жана башка) таасиринен пайда болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×