Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 21.05.2018 12:52

Нарындагы «Музейдеги түн» акциясы туристтердин катышуусунда өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-майда Какен Мамбеталиев атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинде «Музейдеги түн» акциясы уюштурулду.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылына, Нарын шаарынын 150 жана жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналды. Саат 17:00дө башталган акция саат 22:00дө жыйынтыкталып, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор жана туристтер күбө болушту.

Иш-чаранын алкагында боз үй тигилип, Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин ансамбли «Маш ботой» күүсүн, «Тайко» балдар билим берүү борборунун окуучулары добулбас чертип беришти. Ошондой эле маданий саамалык жаш бийчилердин флешмобу менен коштолду.

Мындан тышкары музейде «Байыркы дүйнө», «Саймалуу таш» экскурсиялары уюштурулуп, экспонаттардын пайдаланышы боюнча көргөзмө өттү. Кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер, калпак жасоо, элечек ороо, зергерчилик, кумдан сүрөт тартуу, беш таш, тогуз коргоол оюндары боюнча да жандуу көргөзмөлөр уюштурулду. Ошондой эле Ат-Башы районунан атайын келген кол өнөрчү өрмөк согуунун жолдорун көрсөтүп берди. Ал эми музейдин искусство залында поэзия кечеси жана китеп көргөзмөсү болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында маданият бөлүмүнүн кызматкерлери даярдаган чакан концерт тартууланып, музейдин короосундагы этно ашканада боорсок, беш бармак жасоо боюнча мастер-класс көрсөтүлдү. Андан кийин келген конокторго тамак-аш берилип, иш-чара түнкү шам чырактарды учуруу менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×