Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 20.05.2018 10:36 На русском

Ат-Башынын Дыйкан айылында мектептин жаңы имараты колдонууга берилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 19-майда Ат-Башы районунун Дыйкан айылында А.Капаров атындагы орто мектептин 150 орунга ылайыкташтырылган жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектептин курулушу кайрымдуулук фонд тарабынан каржыланып, ичинде ашканасы, жылуулук системасы, видеокөзөмөл жана өрт коопсузудугун эскертүүчү сигнализациясы менен кошо бүткөрүлдү. Курулуш иштери өткөн жылдын апрель айында башталып, фонддун эсебинен 8 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары өздүк каражат катары дагы жергиликтүү бийликтен колдоо көрсөтүлгөн.

Мектептин эски имараты ӨКМ тарабынан өтө кооптуу деп табылгандыктан жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыккан. Ошондойэле мектептин айланасын жашылдандыруу максатында көчөттөр отургузулду.

Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, Нарын облусунун жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана окуучулар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×