Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 19.05.2018 16:30 На русском

Ошто Өзгөн менен Кара-Кулжанын таланттарынын сармерден таймашы өтүп жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 19-майда Ош шаарында Өзгөн району менен Кара-Кулжа районунун таланттарынын ортосунда сармерден өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Учурда 2 райондон тең экиден боз үй Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы драма театрдын алдына тигилди. Ар бир район көргөзмөгө тамак-аштын 300дөн ашуун түрүн алып келишкен. Эки тарап тең кызуу даярдыкта. Учурда шайыр апалар, ырдап, келген көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашууда.

Тамак-аш көргөзмөсүнөн сырткары Өзгөн районун тургундары Кара-Шоро жаратылыш паркындагы көчмө көргөзмө зоопаркын алып келишкен. Анда жаныбарлардын катырылган сөлөкөттөрүн көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×