Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 18.05.2018 17:13

Оштогу жаштар энелерге болгон сүйүүсүн даңазалашты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага баатыр энелер, коомдук ишмер айымдар күбө болушту.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Энелер күнүнө карата жаштардын энелерге болгон сүйүүсүн даңазалоо максатында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Жыйынтыгында 1-орунга ээ болгон катышуучуга 10 миң сом, 2-орунга 5 миң сом жана 3-орунга 3 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Сынак Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду.

Сынактын багыттары:

- энелердин сапаттарын чагылдырган видеотасма;

- эне жөнүндө эссе жазуу;

- эне жөнүндө ыр (поэзия же жандуу ыр видеосу менен).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×