Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Ошто Энелер күнү салтанат менен башталды (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарында Энелер күнү 546 «Баатыр эненин» катышуусунда салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын ачылышы Найман эненин монологу менен башталып, эненин балага болгон сүйүүсү даңазаланды. Ошондой эле мэр А.Кадырбаев жалпы энелерди майрамы менен куттуктады.

«Сүйүктүү энелерибиздин элеси баарыбыздын көз алдыбызга тартылып отурат. Энелерибиздин ар дайым айкөлдүгүн, сарамжалдуулугун даңазалап келебиз. Энелер ар дайым биздин жакшылыктарыбызда бактылуу өмүр сүрүңүздөр», - деди шаар мэри.

Төрага Ж.Ормонов да жалпы энелерди майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды. Мындан сырткары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт мектебинин окуучулары тарабынан энелерге арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, 200дөн ашуун окуучулар мыкты сүрөттөрүн алып чыгышкан.

Бул салтанатка катышып жаткан Жапалак айылынын тургуну Турдукан Жумаева 7 баланын апасы.

«Бардык энелерди майрамы менен куттуктайм. Менин 7 балам бар, «Баатыр эне» болгом. Бүгүнкү майрам жогорку деңгээлде өтүп жатат», - деди ал.

Энелер күнү концерттик программа менен улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2333
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×