Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Нарын

Учкундун окуучулары «Манас таануу» республикалык таймаштын баш байгесин жеңип алышты (фото)

Turmush -  Нарындагы Учкун айылынын окуучулары «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын баш байгесин жеңип алышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жыл сайын окуучулар арасында уюштурулуп келген «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жыйынтыкталып, финалдык беттешке Кыргызстандын ар бир облусунан экиден команда катышкан. Анда жалпы 18 команда күч сынашты.

Финалдык мелдештин жыйынтыгында Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин «Гүлбаян» командасы баш байгени алса, 1-орунду Баткен облусу, 2-орунду Чүй облусу, 3-орунду Ысык-Көлдүн Түп району менен Таластын Бакай-Ата району алышты. Жеңүүчүлөргө кубок, планшет, диплом, «Манас таануу» китептери, баалуу белектер берилген.

«Биздин башкы максат — “Манас” эпосун келечек муундарга, окуучуларга жеткирүү, таанытуу жана улуттук идеологияны жандандыруу, азыркы ааламдашуу доорунда кыргыз тили, дили унутулуп бара жатканда аларды патриоттуулукка сугаруу, китеп окууга чакыруу болуп эсептелет. Сынак кыргыз жана орус тилдеринде өтүп, кыргыз класстары арасындагы беттеш жыйынтыкталды. Анда, Баткен менен Нарындан келген окуучулар ортосунда кыл чайнашкан, өтө кызуу беттеш болду десем болот. Финал убагында бир топ суроо берилип жатып, жыйынтыгында Нарындан келген “Гүлбаян” командасы баш байгеге ээ болушту. Ал эми орус класстар боюнча сынактар уланууда», - деди аталган долбоордун редактору Нурбек Талантбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2250
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×