Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Жети-Өгүз районунда Карга акенин 300 жылдыгы белгиленет

Turmush -  Жети-Өгүз районунда тарыхый инсан Карга акенин 300 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Карга акенин (Карга Мендигул уулу) 300 жылдыгын өткөрүү боюнча 2018-жылдын 28-апрелинде №97 тескемесин кабыл алды. Ага ылайык мааракени даярдап, өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жана курамы 13 кишиден турган райондук уюштуруу комитети бекитилди.

Карга акенин 300 жылдыгына карата даярдык көрүү жана аны жогорку деңгээлде өткөрүү максатында райондук тиешелүү түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына, билим берүү мекемелеринин, маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1404
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×