Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 17.05.2018 16:14

Аламүдүндүк тургун бир нече уурулукка шектелип кармалды (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунда уурулукка шектелип кармалган жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголду.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 35 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу бир нече уурулукка шектелип кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран Беш-Күңгөй дачасындагы үйлөрдөн баалуу буюмдарды, зер жасалгаларды жана тиричилик техникаларды уурдап жүргөнү аныкталган.

Кармалган киши Аламүдүн районунун аймагынан 10 кылмыш ишине тиешеси бар экендигин мойнуна алып, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×