Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Айдоочуга чара көрүлбөй жатканына нааразы болгон Н.Кокоева окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыкка себепкер болгон айдоочуга 1 жылдан бери чара көрүлбөй жатат. Бул тууралуу жабырлануучулардын бири Нургүл Кокоева билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык 2017-жылдын 9-июлунда саат 10:00 чамасында Тоң районунда катталган.

«Биз Оттук айылындагы энебиздин үйүнөн бешөөбүз жездем Жунушкожоев Кабылбектин «Honda Stream» үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарына чыкканбыз. Унаада 1997-жылы туулган иним Бейшенбеков Ырысбек, 1973-жылы туулган таежем Толоева Назгүл, 2005-жылы туулган кызым Алмазбекова Алина жана мен бар элем. Тоң районунун Оттук айылынын күн батыш тарабынан жол кырсыкка учурадык. Унааны башкарып бараткан жездем Кабылбек жол четине чыкканга аракет кылса дагы, карама-каршы келе жаткан «Subaru Forester» үлгүсүндөгү унаа менен катуу кагылышты. Кырсыктын кесепетинен жалгыз инимден жана таежемден айрылып калдык. Мен эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, 18-июлда эки жолу операция болдум. Жездем менен кызым дагы дарыланып чыгышты. «Subaru Forester» унаасынан да эки адам каза болду. Ал эми унаанын айдоочусу С.Уланды сотко бергенбиз. Ал каза болгон адамдардын жакындарынан кечирим сураган жок. Бул иш боюнча төрт жолу сот болуп, бирок жыйынтык чыкпай жатат.

Ушул жылдын 29-январында саат 14:00дө кезектеги соттук отурум болуп, айыпталуучу С.Уландын жактоочусу иш менен таанышсын деп сотту жылдырып коюшту. Экинчи жолу 20-февралда болуп, анда күбөлөр суралып, жактоочу келбей калгандыгына байланышчтуу сот жылдырылды. Үчүнчү соттук отурум 13-апрелде болмок, бирок кандайдыр бир себептер менен болбой калып, 24-апрелге жылдырылды.

Ушул аралыктын ичинде С.Улан 4 жолу сотко чакырылып, бирөөсүнө гана катышты. Биз соттун адилеттүү чечим чыгарышын жана акыйкаттыкты талап кылабыз», - деди жабырлануучу Н.Кокоева.

Ал эми Тоң районунун соту Сабыр Сооданбеков бул иш боюнча жооп берди.

«2017-жылдын 10-сентябрында тергөөчү айыпталуучу У.С.дан тил кат алып, тергөө ишин жүргүзгөн. Иш 2017-жылдын 28-декабрында тергелип бүтүп, сотко өткөн. Биринчи соттук отурум ушул жылдын 29-январына белгиленген. Бирок сот болоор күнү айыпталуучунун жактоочусу айыпталуучунун жазык иши менен жакындан таанышууга убакыт берүү боюнча өтүнүч арыз менен кайрылып, сот отурумун башка күнгө жылдырып берүү өтүнүчү боюнча сот отуруму 15-февралга жылдырылган. 15-февралда сот отурумуна айыпталуучу келбей калып, болгон жок. Айыпталуучунун жактоочусу ооруканада дарыланып жаткандыгын айтты. 19-февралда Балыкчы шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө панкреатит, кант диабети диагноздору менен дарыланып жаткандыгы тууралуу маалым кат берип, ишти убактылуу токтотуу өтүнүчү келген. 20-февралда сот иши айыпталуучу сакайганга чейин токтотулган. 13-апрелде сот иши жандандырылып 24-апрелге сот отуруму белгиленген. 23-апрель күнү айыпталуучу дагы эле ооруканада экенин жактоочусу айтып, панкреатит, кант диабети оорусу менен Балыкчы шаардык оорукананын терапия бөлүмүндө дарыланып жаткандыгы тууралуу справка алып келген. Биз 24-апрель күнү Балыкчы шаардык ооруканасына айыпталуучу У.С.нын эмне оору менен ооруп жаткандыгы, кайсы убактан кайсыл убакка чейин дарылангандыгы тууралуу толук маалымат берүүсүн өтүнүп, кат жөнөттүк. Жообу келе элек. Бүгүнкү күндө айыпталуучунун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, оорусу боюнча ооруканадан дарыланып чыккандан кийин, Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына же Каракол шаарындагы №23 СИЗОго камалсын деген токтом чыккан», - деди ал.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башчысынын орун басары Айгүл Кыштообаеванын айтымында, У.С. ооруканада эки жолу дарыланган.

«У.С. аттуу бейтап биздин оорукананын хирургия бөлүмүндө панкреатит, кант диабети оорусу боюнча 16-февралдан 26-февралга чейин дарыланган. Экинчи жолу 20-апрелден 30-апрелге чейин ушул эле оорукананын терапия бөлүмүндө кант диабети диагнозу менен жатып дарыланып, чыгып кеткен», - деди ал.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тергөө иши боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кырсык учурунда айдоочу У.С. ичимдик ичкен эмес. Бул кылмыш атайлап жасалбаган деген категорияга кирет. Эгер тергөө жүрүп жатканда ар бир суракка тергөөчүгө өз убагында келип турса, тергөөгө эч кандай тоскоол болбосо, жашаган жеринен оң мүнөздөмө берилсе, коомчулукка зыяны тие турган оор кылмышкер деп эсептелбесе айыпталуучуну тергөө учурунда камоого негиз жок. Айыпталуучудан тил кат алып, үйүнөн эч жакка кетпөө шарты менен коё берип, керектүү учурда сурак алып тергөө жүргүзсө болот», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4193
Көп окулду
×