Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 18.05.2018 08:14

Айыл турмушу: Тоңдук Т.Абдраев өзү жасаган станок менен торнадого туруштук берген үйлөрдүн кирпичтерин чыгарып жатат (видео, фото)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын тургуну Турускелди Абдраев өзү жасаган станок менен кирпичтерди чыгарып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аталган станокту 1-2 күндө чогултуп, анын жардамы менен буга чейин Кыргызстанда жок болгон кирпичтерди жасап баштады.

«Бул кирпичтерди торнадо жана катуу толкундарда үйлөрдү сактап калуу максатында америкалык студенттер ойлоп чыгарган экен. Ошондой эле аталган кирпичтердин баасы арзан жана өзү бышык болот. Муну менен катар эле үйдү аз убакыттын ичинде курса болот. Бул тууралуу интернеттен көрүп, жасап көрүүнү чечтим. Үйдө колдонулган материалдардан станок жасадым. Станок учурда Кыргызстанда жок болгон кирпичтерди чыгарганы менен өзгөчөлөнөт. Алар бат чыгарылып жана бат кургайт. Үйгө таза суу түтүктөрүн жана электр зымдарын кирпичтердин ортосу менен киргизип кетсе болот. Бул эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Кирпичтерди кафелдин клейинин жардамы менен коебуз. Кадимки кирпичтерден ылай аралашмасы колдонулбаганы менен айырмаланат. Аталган кирпичтерден 1-2 күндө үй салып бүтүрүүгө болот. Буга шыбак да кереги жок, үйдүн сырты да шыбалбайт. Ал эскирген сайын кооз боло баштайт», - деди ал.

Т.Абдраев өзгөчө кирпичтерди чыгаруучу станокту кантип жасаганын айтып берди.

«Станокту өзүм жасадым. Алгач чиймесин интернеттен, журналдардан карап чыктым. Келечекте станоктун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну пландап жатам. Азырынча станокко 1,5 тонна цемент батат. Аны 10 тоннага жеткирүүнү максат кылдым. Ал эми 1 кг цементтен 1 кирпич жасалат. Жасаган кирпичтерди сатыкка чыгара элекмин. Алгач өзүмө үй куруп, көргөзмө кылып, андан кийин элге сатайын деп чечтим», - деди уста.

Ал 1 кыз жана 4 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×