Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Кара-Буурада 9 мектептин окуучуларынын арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 15-майда Кара-Буура районунун Бейшеке айылындагы мектепте райондогу окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу айыл башчысы Бакыт Умаров билдирди.
Анын айтымында, 9 мектептин окуучулары катышкан мелдеш Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Мелдешке жалпы балдар жана кыздардан куралган 18 команда катышып, жеңүүчү командаларга сыйлыктар тапшырылды.

Балдар арасындагы жыйынтык:

- 1-орун — Молдо Асан айылынын окуучулары;

- 2-орун — Бакайыр айылынын окуучулары;

- 3-орун — Чолпонбай айылы айылынын окуучулары.

Кыздар арасында:

- 1-орун — Бакайыр айылы;

- 2-орун — Чолпонбай айылынын окуучулары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Көп окулду
×