Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 16.05.2018 16:25

Тарых инсаны: Балыкчылык К.Жаманкулов 5 жыл бою Эльба дарыясынын жээгинде чек арачы кызматын өтөгөн (фото)

Turmush -  Балыкчылык ардагер Карыбай Жаманкулов Улуу Жеңишти Берлин шаарында тоскон. Анын небереси Эламан Элчибек уулунун айтымында, Карыбай ата 1926-жылы Балыкчы районундагы (азыркы Балыкчы шаары) Туура-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Эки жашка келгенде атасы Үсөнаалыны ак падышанын аскерлери 1928-жылы Нарын дарыясынын жээгинен мылтык менен атып өлтүрүшкөн.

«Ал чоӊ атабыздын сөөгү Нарын дарыясынын жээгинен табылбай калды. Аны өлтүрүп кеткенден кийин, апасын Үсөнаалынын иниси Шашидинге турмушка берип коюшкан экен. Ал кезде биздин салт ушундай болгон. Кокус күйөөсү согушка кетип дайынсыз жоголсо же каза болуп калса, келинди үйдөн чыгарбай, кайнисине баш байлап коюшчу экен. Шамшидин атадан Мыскал эже менен Мамутбек ага төрөлөт. Бирок Мамутбек ага кичинесинде эле чарчап калган. Ортодон жылдар өтүп, Шамшидин ата дагы каза болуп, Карыбай атамды ээрчиткен чоӊ энебиз төркүнүнө Тоӊду көздөй сапар алат. Чоӊ энем төркүнүнө баргандан кийин Жаманкул аттуу кишиге турмушка чыгып, Адаш аттуу уул төрөлгөн.

Карыбай чоӊ ата советтик куралдуу күчтөрүнүн катарына 1944-жылы күз айларында чакырылып, Алмата шаарында атайын согуштук курстан өтүп, Литвия, Эстония Республикаларынын чек араларында согуш майданына аттанып, Берлин операциясына катышкан. Ал Улуу Жеңиш күнүн Берлин шаарында тосот», - деди ал.

Карыбай Жаманкулов 1945-1950-жылдары Эльба дарыясынын жээгинен өткөн чек араны коргогон.

«Чоӊ атамдын айтымында, 1945-жылдын 25-апрелинде ушул жерде тарыхый окуялардын бири болгон. Анда СССР аскеринин Украиндик фронту менен АКШ аскерлеринин жолугушуусу Эльба дарыясынын жээгиндеги Торгау шаарында өткөн. Бул союздук күчтөрдүн жолугушуусунун натыйжасында Германиянын куралдуу күчтөрү түндүк жана түштүк болуп эки бөлүккө бөлүнүп кетишкен. Ушул окуядан улам Робертсон менен Сильвашконун кол алышып учурашып жаткан сүрөтү тартылган. А.Сильвашко советтик аскерлердин лейтенанты болсо, У.Робертсон АКШнын аскерлеринин лейтенанты болгон. Ротанын командири, улук лейтенант Январь Еремеев 1945-жылы 24-апрель күнү эӊ биринчи советтик аскер катары Эльба дарыясын кесип өткөнүн да чоӊ атам айтып калчу», - деди ал.

Карыбай Жаманкулов кийин согуштан келип, Тоң районундагы Ленин атындагы жана Жети-Өгүз районундагы «Жеңиш», Улахол совхоздорунда айдоочу болуп, 1966-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыккан. Персоналдык пенсионер болуп, Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир топ орден, медалдар менен сыйланган.

Карыбай Жаманкуловдун 6 кыз, 3 уулу, 41 небереси, 78 чөбөрө жана 2 кыбырасы бар. Ардагер 2006-жылы оорудан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×