Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 16.05.2018 16:08

Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигине Саипжан Турдуевдин тажрыйбасы жетпейби?

Turmush -  Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматын аркалоого Саипжан Турдуевдин тажрыйбасы жетпейт, деп билдирди Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк өкүлчүлүгүнүн башчысы Алмаз Аккозиев. Анын айтымында, бул боюнча Жогорку Кеңешке кат да жолдонгон.

«Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган Саипжан Турдуевдин иш тажрыйбасы жетпей тургандыгы боюнча карап чыкканбыз. Ал 2014-жылы айылдык кеңештин депутаты болгон. Ага чейин жеке компанияларда юрист болуп иштептир. Мамлекеттик кадр кызматынын башкы аппараты кат жолдоп, Жогорку Кеңештен жооп күтүп жатабыз.

Биринчи вице-мэр С.Турдуевдин 4 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар экен. Ал эми вице-мэрлик кызмат жогорку кызмат болуп эсептелет. Ошол себептен бул кызматка келген адамдардын 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек», - деди А.Аккозиев.

Мыйзам боюнча вице-мэрлик административдик кызмат болуп, мэр тарабынан дайындалат. Маалым болгондой, С.Турдуевдин тажрыйбасын Мамлекеттик кадр кызматы 4 жылдан ашык деп эсептеген.

37 жаштагы Саибжан Турдуев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалганын 2018-жылдын 2-майында мэрия жарыялаган. Ал эми Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Замир Аскаров вице-премьер-министрликке көтөрүлдү.

С.Турдуевдин тажрыйбасы тууралуу маалымат алуу үчүн азырынча Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×