Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Жалал-Абад

Ала-букалык окуучулар долбоор жазып, айылга полиграфиялык борбор ачышты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнө караштуу Кажар айылындагы мектептин окуучулары долбоор жазып, полиграфиялык борбор кызматын ачышты. Бул тууралуу полиграфиялык борбордун түптөөчүсү Жумайда Маматкадырова билдирди.

Анын айтымында, айылда полиграфиялык кызмат көрсөтүүчү борбор жок болгондуктан айыл эли бир кагазды көчүрүү үчүн райондун борборуна катташчу.

«Айылдын жашоочулары бир кагазды же болбосо кандайдыр бир документти көчүрүп алуу үчүн райондун борборуна барышчу. Эми бул көйгөй чечилди. «Жашстан» уюму биздин долбоорду колдоп, 70 миң сомдук жардам көрсөттү. Ал каражатка биз ноутбук, түстүү кагаз чыгаруучу принтер жана фотоаппарат сатып алдык. Мындан ары айыл элине өзүбүз кызмат көрсөтөбүз. Учурда мектеп окуучуларынан куралган команда иштеп жатабыз», - деди Ж.Маматкадырова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1162
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×