Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Айыл турмушу: Таластык дарыгер А.Калматова апасынан, кайын сиңдисинен үйрөнгөн кол өнөрчүлүк менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Анархан Калматова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы иштүү айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыркы учурда Талды-Булак айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканасында мээрман айым болуп эмгектенет.

«Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын кызымын. Орто мектепти аяктаган соң медициналык окуу жайды ийгиликтүү аяктап, 2002-жылы Таласка келин болуп келгем. Кол өнөрчүлүктү өзүмдүн апамдан үйрөнсөм, келин болуп келгенде кайын сиңдимден үйрөнгөм. Бул жакка келгенде кайын сиңдим килем токуп жүрчү. Мен ага жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөнүп алдым. Азыркы учурда апам менен кайын сиңдимден үйрөнгөн кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатам. Курак курап, буйрутма алып жүргөнүмө 15 жылдын жүзү болду. Башында өзүм үчүн деп курак курап жүрдүм. Кийин көп адамдар кызыгып буйрутма бере баштады.

Курактын көп түрлөрү бар. Кездемелерине жана куралышына жараша 700 сомдон 2,5 миң сомго чейин баалап сатам. Көпчүлүк кардарларым каркыра, тян-шань, каттама, тюльпан курактарга буйтурма беришет. Бул курактар башка курактарга салыштырмалуу башкача куралат. Куракты 3 күндөн 1 жумага чейин бүтүрүп берем. Ар биринин тигилишине жараша убакыт кетет. Жайы-кышы дебей буйрутма алам. Күз айларында буйрутма көп түшөт», - деди ал.

Чебер айым жолдошу менен 2 баланы тарбиялап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 690
Көп окулду
×