Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдо тогуз коргоол боюнча облустук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында 14-16-майда «Дени сак улут — өнүккөн өлкө» урааны алдында тогуз коргоол боюнча облустук мелдеш өттү. Бул тууралуу тогуз коргоол боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Канат Кендирбаев билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз, Тоң райондорунан келген улан-кыздар катышты.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Түп районунан келген кыздардын командасы 1-орунга ээ болсо, экинчи орунду Тоң районунун оюнчулары ээлеп, үчүнчү орунду Жети-Өгүз районунун командасы алды. Ал эми уландар арасындагы мелдеште Жети-Өгүз районунун тогуз коргоолчулары 1-орунду алышты. 2-орун Түп районунун, 3-орун Ак-Суу районунун, 4-орун Тоң районунун тогуз коргоол боюнча командаларына ыйгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 383
×