Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 16.05.2018 14:00 На русском

Бомба жөнүндөгү маалыматтан улам «Орто-Сай» базары курчоого алынды

Turmush -  Бомба коюлгандыгы жөнүндөгү маалыматтан улам укук коргоо кызматкерлери Бишкектеги «Орто-Сай» базарын курчоого алды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине УКМКдан билдиришти.

«Бүгүн саат 12:30да 102 кызматына белгисиз адам телефон чалып, «Орто-Сай» соода борборунда жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат берген», - деп айтылат маалыматта.

Азыр базарда ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери иштеп жатат.

17-майда ӨКМ базардан эч кандай бомба табылбагандыгын кабарлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×