Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Жаш талант: 14 жаштагы кол өнөрчү Адинай белекке берилүүчү гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 14 жаштагы тургуну Адинай Жолдошбаева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Адинай учурда С.Каралаев атындагы орто мектепте билим алып жатат. Ал келечекте дизайнер болууну максат кылат.

«Кол өнөрчүлүк менен жаңы эле алектенип баштадым. Бул өнөрдү мага бир тууган эжем үйрөттү. Буюмдардын кылдаттык менен жасалганын, кооздугун көрүп кызыктым. Жасагым келип, эжемден мага үйрөтүп, баарын көргөзүп берүүнү өтүндүм. Ар бир буюмду өзүмдүн идеям менен жасайм. Учурда роза гүлдөрдү жасап, анан бирөөсүн 20 сомдон сатып жатам. Аларды дүкөнгө коюп коем. Жактыргандар белекке берүү максатында сатып алып кетишет. Мектепте орус тили жана орус адабияты, кол эмгек сабактарына кызыгам. Бош убакта кол өнөрчүлүк менен алектенип, китеп окуйм. Келечекте дизайнер болгум келет», - деди ал.

Жаш кол өнөрчү үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1158
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×