Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 16.05.2018 13:31

Сапар Исаковго саясий өлүк тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим суроо сунушталды

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-премьер-министр Сапар Исаковго саясий өлүк тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим суроо сунушталды.

Депутат Жыргалбек Турускулов («Республика — Ата Журт») С.Исаковду этият сүйлөөгө чакырып: «Биз силердин маегиңерди окудук. Парламентте 120 саясий өлүк отурат деп айттыңыз. Азыр деле ошондой ойдосузбу?», - деп сурады.

Өз кезегинде С.Исаков 120 өлүк тууралуу айтпаганын билдирип: «Мен 120 депутат саясий өлүк деп айткан эмесмин. Мен парламент деп айткам. Экинчиден силер анда оппозицияда болчусуңар жана бул сөздүн силерге тиешеси жок болчу», - деп жооп берди.

Ал эми депутат: «Силер парламент деп айтсаңыз, парламентте кимдер отурат? Силердин пикириңер өзгөргөн эмес көрүнөт. Бул сөзүңүз үчүн кечирим сурап койсоңор жакшы болмок», - деди.

Бүгүн парламентте Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралууда.

Парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин С.Исаков «Апрель» телеканалына маек берүү учурунда: «Биздин парламент саясий өлүккө айланып бара жаткан көрүнөт» деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×