Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Бүлөлү айыл өкмөтүндө биринчи бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндө алгачкы жолу бала бакчанын имараты курулуп жатат. Мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 50 орунга ылайыкталат, деп билдирди айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Артыков.

Анын айтымында, бала бакча Чоң-Бүлөлү айылында курулуп жатат.

«Биздин айыл өкмөттө буга чейин бир дагы бала бакча болгон эмес. Быйыл жергиликтүү бюджеттен 17,5 млн сом бөлүндү. Курулуш иштери ушул жылдын апрель айында башталган, учурда пайдубалы курулуп, дубалы тургузулууда. Буйруса жаңы окуу жылында пайдаланууга берели деп турабыз», - деди Б.Артыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 932
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×