Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 16.05.2018 11:37

Нарында кичи футбол боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук стадионунда Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеште ар кандай курактагы адамдардан куралган 26 команда ат салышты. Командалар арасындагы оюн курч мүнөздө өтүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Айрыкча финалдык оюнда 1993-1986-жылдары төрөлгөндөрдүн ортосундагы беттешүү курч мүнөздө өттү. Беттештин негизги бөлүгү бирдей упайлар менен аяктап, кошумча бөлүктө 1993-жылы төрөлгөндөр атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп, жеңишке жетишти.

Мелдештин жыйынтыгында 35 жашка чейинкилер арасында өткөн мелдеште 1-орунду 1993-жылы туулган балдар, 2-орунду 1986-жылы, 3-орунду 1984-жылы туулгандар ээлешти. Ал эми улуу муундар арасында өткөн мелдеште 1-орунду 1975-жылы туулгандар, 2-орунду 1978-жылы, 3-орунду 1974-жылы туулгандар алышты. Мелдештин уюштуруучулары жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медаль тапшырды. Ошондой эле, демөөрчүлөр тарабынан 35 жашка чейинкилер арасында 1-орунду алган командага 25 миң сом, 2-орунду алган командага 15 миң сом, 3-орун алган командага 10 миң сом берилди. Ал эми 35 жаштан жогоркулардын арасында 1-орунга ээ болгон командага 35 миң сом, 2-3-орунга ээ болгон командаларга 20 миң сом жана 15 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×