Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Аркы өйүзгө суу кечип өткөн тургундар: Нарындын башчысы эл менен жолукту (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Ак-Талчат — Соң-Көл унаа жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынын Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин 80 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Нарын облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 15-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ак-талаалык тургундар менен жолугуп, алардын көпүрө боюнча берген суроолоруна жооп берди.

Ак-Талчат көпүрөсү 1967-жылдары курулуп, 50 жыл кызмат кылган. 6 пролеттон турат, узундугу 141 метр. 1981-жылы 2-тирөөчү оңдоодон өткөн. 2017-жылдын апрель айында байкоо жүргүзүлүп, натыйжада №3 тирөөч 2-3 см чөгө баштагандыктан Жол департаментине билдирүү берилип, 2017-жылдын 17-майында комиссия келип караган. Долборлоо институтуна долбоорун иштеп чыгуу боюнча техтапшырма берилген. Тирөөч буга чейин 42 см, андан бери 25 см, жалпы 67 см чөккөн.

Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен акча каражаты каралган. 2017-жылдын 1-сентябрына чейин милдетин алып, куруучу подрядчы «Кербенжолкурулуш» ААКсы сынакты уткан.

Подрядчы «Кербенжолкурулуш» ААКсы тарабынан көпүрөнүн чөгүп кеткен плиталарынын ордуна орнотулуучу чоң автоунаалык куралма көпүрө коюу пландаган. Бирок кетирген кемчиликтери үчүн келишим бузулуп, иши сотко берилген. 2018-жылдын январь айынан баштап көпүрөнү калыбына келтирүү иштери боюнча КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол оңдоо жана курулуш башкармалыгы менен «Ремстроймост» ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Учурда көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин аталган ишкана жүргүзүүдө.

14-майда болжол менен саат 14:00-15:00 чамасында кичинекей балдарын, жүгүн көтөрүп, сууну дал ортосунан кечип өткөн жергиликтүү тургундардын видеосу интернетке жарыяланып, талкуу болгон эле.

Мындан туптуура бир жыл мурун кулап калуу коркунучуна кептелген чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталган. Бирок ушул кезге чейин курулуш иштери аягына чыкпай, 5 айылдын тургундарына чоң көйгөй жаратып келүүдө. Бул көпүрө Ак-Талаа районуна караштуу Көк-Жар, Ак-Кыя, Кызыл-Белес, Жаңы-Талап жана Тоголок Молдо айылдары, Соң-Көл жайлоосу, ошондой эле Тогуз-Торо району менен болгон байланышты түзүп турган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

01.06.2017Нарын дарыясындагы чоң көпүрө кыйроо коркунучунда турат, - Ак-талаалыктар (видео, фото)
16.06.2017Фото - Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн тирөөчү чөгүп кетип, унааларга чектөө киргизилди
20.06.2017Фото - Нарын дарыясындагы чоң көпүрө пайдаланууга жараксыз деп табылды
21.06.2017Нарын дарыясындагы чоң көпүрө толук жабылып, 4 айыл менен болгон каттам үзүлдү (фото)
25.07.2017Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталды (фото)
09.11.2017Ак-талаалыктар Нарын дарыясындагы көпүрөнүн оңдоо иштери кечеңдеп жатканына нааразы
14.11.2017Нарын дарыясындагы көпүрөнүн оңдоо иштери бүтпөй калуу коркунучунда турат, - тургундар
07.03.2018Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн курулушуна байланыштуу унааларга чектөө киргизилди (видео, фото)
26.03.2018Курулушу бүтпөгөн Нарын дарыясындагы көпүрө: Транспорт министрлиги ак-талаалыктардан кечирим сурады (видео, фото)
31.03.2018Курулушу бүтпөгөн Нарын дарыясындагы көпүрө: Вице-премьер Д.Кенекеев каражат бөлдүрүп берүүнү убадалады (видео, фото)
03.04.2018Курулушу бүтпөгөн Нарын дарыясындагы көпүрөнүн кесепетинен Жаңы-Талаптагы жол асфальтталбай калган
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2456
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×