Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 16.05.2018 10:06

10 жылдык бүтүрүүчүлөр Туз айылынын кире беришине 170 миӊ сомдук арка орнотушту (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Туз айылындагы мектептин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине 170 миӊ сомдук арка орнотушту. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Тимур Дикамбаевдин айтымында, мындан он жыл мурда мектепти 25 бала жана 15 кыз аяктаган.

«Быйыл биз мектепти бүткөнүбүзгө 10 жыл болду. Классташтарыбыз менен кеӊешип, айыл үчүн арка курууну чечтик. Арканын курулуш материалдарына эле 170 миң сом жумшалды. Ал эми аны орнотуу иштерин өзүбүз жасадык. Арканын бийиктиги 8 метрди түздү», - деди ал.

Учурда бул классташтардын айрымдары жеке ишкерлик менен алектенишсе, кээ бирөөсү мамлекеттик кызматкерлер.

«Биздин классташ балдардын көбү жеке ишкерлик алектенип, айрымдары мамлекеттик кызматтарда өз ордуларын таап, ийгиликтерди жаратып келе жатышат. Айылда өткөрүлгөн футболдук мелдештерде алдыңкы орунду бербей келебиз. Ошондой эле классташтарыбыздын арасында Валехан Кочконов аттуу жигитибиз бар. Ал жеӊил атлетика боюнча спорттун чебери. Валехан 2008-жылы Ысык-Ата району боюнча чуркоодон 1-орунду, Чүй облусунан 800 метрге чуркап 2-орунду, 2009-жылы республикалык мелдеште 1-орунду, 28 чакырымга чуркап Азия чемпионатында 2-орунду алган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×