Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 16.05.2018 10:05

Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт (тизме)

Turmush -  Ош шаарынын айрым аймактарында 16-17-май күндөрү саат 09:00дөн тарта 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетикалык объектилерди даярдоо иштерине байланыштуу, деп маалымдайт мэрия.

16-майда:

- №4 Ак-Тилек аймактык кеңешине караштуу Эсенжанов көчөсүндө;

- Анар кичи районунда;

- №50 жана №52 мектепте;

- Ак-Тилек кичи шаарчасынын №1, 2,3, 19, 21, 23, 25, 26, 28, 34, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10,11, 12, 13, 14 даректеринде;

- Учар айылында жана Мамыров көчөлөрүндө убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.

17-майда:

- №8 Ак-Буура аймактык кеңешиндеги Салык инспекциясы, Каржы полициясы, Шевченко мектеби, Столичный, А.Шакиров 269, 269 а, Жумабаев, Депутат, Мехнат, Увамский, Зеленый, Москва, Абдуллаев, Заречной, Жалал-Абад, Баратов, Ленинград, Мадумаров, Ак-Алтын, Демократ, Памир көчөлөрүндө;

- №10 Курманжан датка жана Достук аймактык кеңештерине караштуу Фрунзе кичи районунун базары, Шелкамбинат кичи району, А.Шакиров №8, 9, 11 даректери, ӨКМдин шаардык бөлүмү, Касымалиев, Панфилов, Некрасов, Спортивный №1, 1 а даректери, Ленин, Алиев, Чапаев, Курманжан датка, Вишневый, Ташкент кең көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×