Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2018 09:39

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милициянын 15 кызматкери эскерилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 15-майда Жалал-Абад облусунда кызматтык милдетин аткарып жатып жумуш үстүндө каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, тартип сакчыларды эскерүүгө КРнын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Жунушалиев Кашкар жана ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Жоошбаев Султанбек, ОИИБдин ардагерлери жана кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары, балдары жана жакын туугандары катышты.

Саамалык кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды. Анда министр кызматкерлер өз өмүрү элинин тагдырынан артык койгондугун баса белгиледи.

«2015-жылдан бери кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер өз элинин коопсуздугун коргоп, кылмышкерлер менен күрөшүүдө баатырларча каза болгон. Алардын элеси эч качан унутулбайт. Курман болгон биздин баатырлардын бир туугандарына баш ийип, дайыма таазим кылабыз. Ошол баатырлардын катарында өзүңөрдүн кыйын жумушуңарда, берген антыңарда элибиздин астында түз болууга министр катары суранам», - деп билдирди ИИМ башчысы К.Жунушалиев.

ОИИБдин маалыматына караганда, ички иштер органдарынын атынан министр кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн жеке кабыл алуу менен акчалай жардамдарын көрсөттү. Жалал-Абад облусунан өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди кармоодон 15 милиция кызматкерлери дүйнө салган.

ИИМдин 2015-жылдын 22-майындагы буйругунун 1-пунктуна ылайык жыл сайын 15-майда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү катары белгиленип келүүдө. Өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди кармоо учурунда Жалал-Абад ОИИБдин 15 кызматкери каза болгон, алардын ичинен Жалал-Абал облусунун аймагында 7 маркум кызматкерлердин үй-бүлөсү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×