Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.05.2018 09:33

Ак-талаалык спортчулар кыргыз күрөшү боюнча өткөн облустук мелдеште 2-орунду ээлешти (фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аттуу ураандын алкагында айылдык жаштардын арасында өткөрүлгөн кыргыз күрөшү боюнча облустук мелдеште ак-талаалык жаш спортчулар командалык эсеп менен 2-орунду багындырышты. Бул тууралуу машыктыруучу Азат Барктабасов билдирди.

Маалым болгондой, 55 кг салмакта Кадырбек уулу Урмат, 60 кг салмакта Нарынбеков Урмат алтын медаль, 96 кг салмакта Карыбеков Ишенбек, 84 кг салмакта Качыбеков Нурлан күмүш жана Кубатбек уулу Нурболот коло медалга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын тиешелүү даражадагы дипломдору менен бирге медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×