Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Жалал-Абад

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү БУУнун Кыргызстандагы өкүлүн кабыл алды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, БУУнун өнүктүрүү системасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Мында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, өкүл облустун туризм тармагына жана экономикалык потенциалына токтолуу менен БУУнун программалары менен бир топ жумуштар жүргөнүн баса белгиледи. Ошондой эле ал БУУнун азык-түлүк программасы менен дубанда жалпысынан 69 мектепке 23 миңден ашуун окуучуга ысык тамак уюштурулганын, бул жаатта аталган уюм менен жергиликтүү бийликтин тыгыз иш алып баргандыгын айтты.

Ал эми Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кыдыров 2040-жылга чейинки өлкөнүн өнүгүүдөгү стратегиялык программасына токтолду. Ал өз баяндамасында дубандардын мүмкүнчүлүктөрү, аксап жаткан тармактарына да токтолду.

Анын айтымында, ар бир дубандын өз өзчөлүктөрү бар. Чүй, Нарын облустарында мал чарбасын өнүктүрүүнү колго алса болот. Жалал-Абад облусунда кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Жолугушууда БУУнун КРдагы координатору Озонниа Ожиело 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгын колдой турганын, эл аралык уюм улуттук деңгээлде иш алып бара турганын баса белгиледи.

«Биз жергиликтүү бийлик менен эриш аркак иштей турган болсок, биргеликте көп натыйжаларга жетишебиз. Ошондуктан алгач аймактарды өнүктүрүү үчүн аймактардагы бийликтин үнүн, демилгелерин угуп, аймактардын потенциалына маани берүүнү туура көрдүк», - деди Озонниа Ожиело.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташуулар мындан ары да бекемеделе бере тургандыгы, бир катар программалар аркылуу калк көйгөйүн чечүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлө тургандыгы айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 406
×