Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Жамгырда жол жасаган жолчулар: Айдоочулардын суранычы менен аңдар убактылуу жамалып жаткан, - Сокулуктун акими Т.Корголдоев (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда Бишкек — Кара-Балта жолун жамгырда жасаган жолчулардын видеосу социалдык тармактарга тарап, элдин нааразычылыгын туудурду.

Лена Цыгулева аттуу тургун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жолчуларды какшыктаган пикирин калтырган.

«Биздин Сокулукта жолду ушинтип жасашат. Асфальт жолдо көлчүктөр турганы аз келгенсип жамгыр да жаап жатат. Азаматсыӊар жол кызматкерлери! Ушул калыбыӊардан жазбагыла» - деген какшык аралаш пикирин калтырган.

Аймактык кабарчы жаанда эмне себептен жол жасалып жаткандыгы тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалай Корголдоевге кайрылганда, ал буларга токтолду.

«Сокулуктагы Бишкек — Кара-Балта жолун жасоо боюнча тендерди кытайлык ишкана утуп алган. Ал эми жамгырда айдоочулар көлчүктөн байкабай аңдарга түшүп кетип жатканын айтышып, ошол кичинекей аңдарды убактылуу бүтөй турушун суранышкан. Видеону көргөндөр алгач туура эмес түшүнүп алышкандыр. А, чынында бул жамгырда жолчулар айдоочулардын суранычын гана аткарып жатышкан. Ал жол негизи салына турчу жол», - деди ал.

Региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Жумабек Мамышовдун айтымында, жамгыр учурунда, суукта жана чаӊда жолду асфальттоого болбойт.

«Жамгыр жаап жатканда, суукта жана чаӊда жолду асфальттоого болбойт экен. Асфальттын курамы ысыкты талап кылат. Күн аябай ысыкта, аба чаӊдабай, шамал болбой турган убакта жасаш керек. Кичине эле күн бүркөлсө эле асфальт тоӊуп калат экен. Мурунку асфальт менен жаӊы асфальттын ортосуна чаӊ кирип калса ал бирикпей калат. Андан кийин ал жерге суу кирип, аң пайда болот. Ошону үчүн жол копрессор менен үйлөтүлүп, аябай тазаланып, чекелерине смоланы кичине куюп, андан соң гана кийинки жумуштары жасалып башталат.

Ал эми, Сокулуктагы жамгырда жасалып жаткан жол боюнча айтсам, эгер айдоочулардын суранчы болсо, анда убактылуу чоӊ-чоӊ аңдарды жамап койсо болот. Буга чейин жолчулар жолдогу аңдарды казып, тазалап коюшкан. Эми минтип жаан жаап, алардын жумуштары токтоп калды. Табият кубулуштары экен. Аны эч нерсе кыла албайбыз.

Көлчүккө унаанын дөңгөлөктөрү кирип, айдоочуларга тоскоолдуктар жаралат. Ал тургай ошондон улам кырсыктар да болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан жогоруда айтып кеткендей эле убактылуу аңдарды жаап койсо болот», - деди ал.

Кошумча маалымат:

Консультант: Eptisa Servicios de Ingenieria, S.L.

Подрядчы: Сhina Railway №5.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3443
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×