Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2018 22:45

Караколдо биринчи жолу балдардын футбол мектеби ачылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында биринчи жолу балдардын футбол мектеби ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Амир Алимов билдирди.

Анын айтымында, «Саламат» клубу Ысык-Көл облусунда футболду өнүктүрүү жана жайылтуу максатында түзүлгөн.

«Мектеп Ысык-Көлдүн футбол федерациясынын колдоосу менен ачылып, ага 6-10 жаштагы балдар кабыл алынат. Келечекте биз машыктырган командалар балдардын республикалык турнирлерине катышат. Футбол менен машыгуу балдарда мамиле түзө билүү, жоопкерчилик, социалдык активдүүлүк сыяктуу мүнөздөрдүн калыптануусуна өбөлгө түзөт», - деди А.Алимов.

Аталган мектепте машыгуу алдын ала даярдалган программанын негизинде жумасына 3 жолу 40-60 мүнөттөн өткөрүлөт.

«Мектепте зарыл болгон бардык шарттар каралган. Топтор балдардын жашына карата түзүлөт. Ар бир топтогу балдардын саны 12ден ашпайт. Ошондой эле программага машыгуу учурунда англис тилин үйрөтүүнү да коштук. Балдарды футбол боюнча квалификациялуу машыктыруучулар машыктырат. Учурда балдарын мектепке алып келген ата-энелер көп. Бул адамдардын сергек жашоо образына көңүл бөлүп баштаганын түшүндүрөт», - деди ал.

Бул мектеп азырынча Ысык-Көл облусунун аймагындагы балдардын жалгыз футбол мектеби болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.