Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Талас облусу, Талас 15.05.2018 15:37

Таласта жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында эркин күрөш боюнча мелдеш өттү

Turmush -  13-майда Талас шаарында эркин күрөш боюнча турнир өттү. Бул туурасында аймактык кабарчыга мелдештин уюштуруучу тобунун мүчөсү Нурадил Калдыкеев маалымдады.

Анын айтымында, жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өткөн мелдешке 20 жаштан өйдө курактагы балбандар катышты. Жыйынтыгында 1-2-3-орундарды ээлегендерге баалуу сыйлыктар берилди.

Өз салмактарынан 1-орунду алгандар;

- 57 кг — Абазбеков Тынчтык;

- 61 кг — Кубанычбеков Канат;

- 65 кг — Кубанычбеков Канат;

- 71 кг — Бурханов Актан;

- 74 кг — Замирбеков Руслан;

- 79 кг — Жамбулов Бекжан;

- 86 кг — Рахманов Адил;

- 95 кг — Мээрбеков Бекжан;

+97 кг — Жолчугулов Бабахан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×