Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 15.05.2018 13:22

Фото — Чолпон-Атада үч эмдүү болгон жаш үй-бүлө бешик той өткөрүштү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 3 эмдүү болгон жаш үй-бүлө бешик той өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Тойдо кыргыздын салты боюнча 3 эм бешикке бөлөндү. Андан соң 3 эмдин ата-энесине балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү расмий түрдө тапшырылды.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарынын 22 жаштагы тургуну Таалайбек кызы Канышай 2017-жылдын 4-октябрында үч эм (эки кыз, бир уул) төрөгөнү маалымдалган. Аларга Адел, Адил, Алия деген ысымдар ыйгарылган.

Үч эмге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин атынан 300 миң сом берилген. Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлар (кыздардын бири 1,9 кг, экинчиси 1,965 кг, уулу 1,6 кг салмакта) 22 жаштагы эненин биринчи төрөтү. Канышай 25 жаштагы жолдошу Искен Койгелдиев менен Чолпон-Ата шаарында турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×