Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 15.05.2018 11:13

Кара-Буурадагы майып балдар окуган мекеме оңдоого муктаж

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Аяр Жан» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борборунун шыбы жамгырдан улам түшө баштады. Бул тууралуу мекеменин директору Асылжан Дүйшөналиева билдирди.

Анын айтымында, мекемеде майып 6 бала, жашоо шарты оор 4 бала билим алат. Алар саат 8:00дөн 18:30га чейин тарбияланат.

«Бирок бизде 5 керебет жетишпейт. Мекемебиз оңдоого муктаж. Учурда 2 тарбиячы, 1 ашпозчу, 1 кызматкер болгону менен мамлекеттен акча бөлүнбөйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×