Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Чүйдө кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Чүй ОИИБдин сапмайданында кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди.

Аталган түзүмдүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул иш-чарага Чүй ОИИБдин бардык курамы, милициянын ардагерлери, курман болгондордун жакындары катышышты. Алар бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин эстеликке гүл коюшту.

«Ар бир кызматкердин жүрөгүндө мыйзамды сыйлоо, патриоттуулук сезим жашаш керек. Тилеккке каршы милиция кызматкерлеринин жасаган иши кооптуу, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрөт. Бүгүнкү иш-чара курман болгон милициялардын эр жүрөктүүлүгүнө, ак ниет кызматына арналат», - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБ түзүлгөндөн бери кызмат учурунда 23 милиция кызматкерлери каза болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1069
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×