Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Моңголиядагы Кыргыз-Көл — Ысык-Көлдүн «иниси» же «сиңдиси»: Бабалардын изи... (4-бөлүк)

Turmush -  Бай казыналуу маданий мурастары бар кыргыз элинин тарыхы айтылуу Моңголия менен тыгыз байланыштуу. Тарыхчылар, тилчилер, илимпоздор белгилегендей, алардын бир фактысы — Моңголиянын батышында жайгашкан Кыргыз-Көлү (картада — Хяргаз-Нуур).

Картаны чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Кыргыз-Көл (карта)
Turmush басылмасы бөтөн элде, бөлөк жерде жашап, тили бурулуп кеткени менен өздөрүн «кыргызбыз» деп атаган моңголиялык кыргыздарга, бабалардын изи калган Моңголиядагы тарыхый аймактарга байланыштуу маалыматтар менен окурмандарды тааныштырууну улантат. Бул жолу Кыргыз Республикасы тарабынан 2016-жылы күзүндө уюштурулган экспедициянын мүчөлөрүнүн маалыматына таянуу менен Кыргыз-Көлү тууралуу сөз кылабыз.

Моңголиялык кыргыздар Баян-Өлгий аймагында (облус) жашашат

Баян-Өлгий - Кыргыз-Көл (карта)

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (1-бөлүк)

АКИ-TV — «Мен кыргызмын»: Моңголияда унутта калган кыргыздар (2-бөлүк, фоторепортаж)

Моңголияда унутта калган кыргыздар: Айрым салттар, маданият жана макал-лакаптары (3-бөлүк)

Тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев Бишкек шаарында Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын (2012-жылдын ноябрь айы) алкагында даярдалган «Кыргыз тектүү хотондор жана алардын келип чыгышы. Моңголиядагы “кыргыз” энчилүү аттары» деген эмгегинде Кыргыз-Көлү тууралуу айткан.

Анда: «Эң кызыктуусу, Батыш Моңголияда Хяргас-Нор (Кыргыз Көлү) аттуу көлдүн аты да тегин жерден пайда болбосо керек. Хяргас-Нор Моңголиядагы Чоң Көлдөр суу системасына кирген көл жана геологиялык-географиялык термин менен аталган Кыргыз ойдуңунан орун алган. Кобдо, Забхан дарыяларынан суу алат. Деңиз деңгээлинен 1028 м бийикте, тереңдиги 80 м чейин жетет. Ноябрь айынан апрелге чейин тоңот. Айланасы, чөл, таш-кум, айрым жерлери мал жайганга ыңгайлуу. Суусу минералдуу, балыкка бай», - деп айтылат.

Ал эми Кыргыз-Көлдү 2016-жылдагы экспедициянын курамында өз көзү менен көрүп келген Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев көлдү: «Суусу тунук, жылуу, туздуу, кадимки эле Ысык-Көлдүн «инисиндей» же «сиңдисиндей», бизди өзүнө тартат. Жээги да, ичи да майда эмес, кесек кум экен, ошон үчүн сууну канча кечсең да ылайланбай, мелтиреп таптаза бойдон тура берет экен», - деп сүрөттөйт.

Анын айтымында, моңголдор Хыргыс-Нуур деп атаган көлдүн аталышы кыргыз тилине Кыргыз-Көлү деп которулат. Түрк тилдерине кирген моңгол тилинде «х» тамгасына жана созулма үндүүлөргө басым жасалгандыктан, «Кыргыз» деген сөз «Хыргыс» деп айтылып калса, «Нуур» деген сөз бизче «Көл» дегенди түшүндүрөт. Бул сөздөр ар кандай транскрипцияда «Хяргас-Нур», «Хяргас-Нуур», «Хиргиз-Нур» деп айтылат.

«Кыргыз-Көлгө бара жаткан жолдо биздикиндей кыштактар жок. Бөксө тоо, жери жайык, ээн талаа, жолу болсо мелтиреп, түптүз. Жолдо мал да, кыштак да жок. Жолду катар эстеликтерди, жазууларды көрдүк.
Биз көлгө түшкү саат 12:00 чамасында жеттик. Кыргыз-Көлү кадимки эле мелмилдеп жаткан Ысык-Көлдөй, туптунук, асман ачык. Суу асманга чагылышып, ого бетер кооз, көркөм көрүнөт, тыптынч. Бирок Ысык-Көлдөн кичирээк, узундугу 70-80 км, туурасы 15-18 км деп айтышты. Ысык-Көлдү жээктеп өтсөк, Кыргыз-Көлү чоң жолдон узап кетет экен.

Ал эми куму Ысык-Көлдөн кесегирээк. Көлдүн жээгине кирпичтен курулган кадимки турак үйлөрдөн атайын туристтик база түзүп коюшкан, бирок эч кандай шарттар жок. Туристтер да көп эмес, биз сыяктуу барып калгандар барып, ошол аймакка жакын жашагандар күн жылып калганда көлгө түшүп, эс алышат экен.

Аба ырайы саат 16:00 чамасында бузулуп, капкара, бороон-чапкын болуп, түн түшүп калды. Шамалы да башкача, мен андай шамалды көргөн эмесмин. Бирок делегациянын мүчөлөрү андай кара шамалды Баткенде көргөнүн айтышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кыргыз-Көлдүн аймагында айрым учурда бир күндө аба ырайы 3-4 жолу алмашып турат экен.

Суусу мемиреп турганда шарпылдап жээкке урунуп, кадимки эле Ысык-Көлдү көрүп, салыштырып, суктана бердим. Суусу ыланланбайт, туптунук экен. Ал аймакта аба ырайы кышында 40-50 градус суук болсо, жайкысын анчалык ысыбайт экен.

Кыргыз-Көлгө Кыргызстандан биринчилерден болуп президент учурунда барган Аскар Акаев Ысык-Көлдүн суусун алып барып куйганын айтышты. Ал жерди Улан-Батоордогуларга чейин «Акаевдин булуңу» деп айтышат экен.

Мен Кыргыз-Көлдүн суусун алып келип, Ысык-Көлгө куйдум», - деди С.Мусаев.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин «Мезгил алкагындагы ойлор» китебинен (АВТОРДУН ОРФОГРАФИЯСЫ САКТАЛДЫ):

Хыргыс Нуур – кадимки эле Ысык-Көл сыяктуу
табийаттын бир бермети экен

2-октябрь күнү эртең менен жолго чыгып, Байан Улгий, Кыргыс Нуурду бет алып, сапар уладык. Улаанбаатардан учакка отуруп, (бир жума мурун билет алганбыз, жол жоктугунан эл көбүнчө учак менен катташат экен), Батыш Монголийанын Ховд аймагына келдик. Ушул жерден биздин топ экиге бөлүндүк да, жаш жигиттер Мурат, Амангелди, Өмүрбек үчөө Байан улгий аймагында кыргыздар жашайт деген каңшаар менен ошол тарапка жол тартышты. Максат ошол тарапта жашаган кыргыздар менен жолугушуп, алар жөнүндө маалымат алып келүү эле. Жолдун татаал, катаалдыгына карабай бир топту ал жакка жөнөттүк да, биз калганыбыз учак менен Увс аймагындагы Улангоом шаарына келдик.

Биз Уланбаатардан чыгып жатканда бизди коштоп жүргөн досубуз Йадам Даваасамбуу аксакал телефон менен эле сүйлөшүп жаткан. Көрсө, биз үчүн камкөрүп, Увс аймагынын мурдагы губернатору Батто Сух Очир дегенге Монгол-Кыргыз достугу коомунун президентинин атынан чалып, ага бизди табыштап жатыптыр. Аны өзү деле тааныбайт экен, бетме-бет көрүшүшпөптүр. Бирок ал губернатор болуп турганда мындан бир топ жыл илгери Ысык-Көлгө монгол делегацийасынын составында келип кеткен жайы бар экен. Ошого бизди табыштап, аэропорттон тосуп алып, жайгаштыр, Кыргыс Нуурга жеткиз, кайра машина таап салып жибер деп катуу табыштаптыр...

Улангоом аэропортуна түшсөк эле бизди кол булгап бир зор киши тосуп алды. Менин калпагым, Аалынын калпагы биздин Кыргыз экендигибизди ачык көрсөтүп жатпайбы. Кол алыштык, тааныштык, бир аз орусча сүйлөйт экен. Өзүнүн “Тайота Прадо” деген джиби менен келиптир. Бизди салып алып, бат эле Улангоом улусунун борборундагы конок үйүнө жайгаштырып, «эртең саат тогузда келем, жатып эс ала бергиле», – деди да, кош айтыштык.

Жаңы эле шам-шум этип, бөлмөлөрүбүзгө кайталы деп отурсак, бирөө келип казакча сүйлөп, кайрылып калды. – Эй, казак, кайдан жүрөсүң деп, мен дагы ага жайдары кайрылдым. Аркы-беркини сүйлөшүп, эмне максат менен келгенибизди түшүн­дүрүп отурсам, ал казак мага кызык факт айтып жатпайбы.

– Бул жерде Хотон кыргыздары бар, алар өздөрүн баягы жеңилген уйгурлардан калганбыз, биз ошолордун тукумубуз дешет, Улангоомдон Түштүк Чыгышта анча алыс эмес жерде Тариалан чөлкөмүндө жашашат. Тариалан хотондордун аймагы. Тариалан сөзү – тариа-таруу, эгин, түшүм деген сөз, алан – жай, талаа, айдоо деген сөз. Демек Тариалан – эгин талаасы, эгин жайы, эгин айдоочу жер деген маанини туюнтат. Буларды Чыңгызхан өз аскерлери үчүн эгин эктирип, аттарына да жем даярдаттыруу үчүн пайдаланган, алардын санын миңден ашырбай, ашкандарынын башын алдырып турган деген аңыз кеп бар эл ичинде. Бирок бүгүнкү күндө алар ырдаганда сиздердин ырлар сыяктуу көмөкөйдөн үн чыгат, кайрыктары сиздердикине окшош, өзгөчө “Манасыңар” барго, Манас айткансып кетет, андан калса, булардын канынын составы кыргыздардын канына өтө окшош, кыргыздын канындай экен деген да маалымат бар, - деп мага дин кызматкери, муфтий, Улангоомго мечит салдырып жаткан 52 жаштагы Азатхан Мукан уулу деген казак айтып берди.

Эртеси эртең мененки тамакка түшсөк, баягы казак бир узун бойлуу, чапжаак кара монголду ээрчите келип мага тааныштырып жатпайбы:

– Мына хотон кыргызы, булардын канында силердин кан бар, кийинкилер билбей калат, ошондуктан азыр биз барда изилдеп алгыла, биз жардам беребиз, - деп. Хотон кыргыз монголчо эле сүйлөдү, кичине орусча билет экен, анча-мынча сүйлөштүк. Жогорто айтылган эле аңыз кеп болбосо, хотон “кыргызында” кыргыздык эч нерсе деле байкалбайт, комсоо тартып, момойгону эле болбосо...

Аңгыча Батаа Сух Очир келип, биз анын машинасына түшүп, Кыргыз-Нуур көлүнө жол тарттык. Көлгө чейин мелтиреген түптүз ээн талаа, жаңы салынган асфальт жол бетегелүү талааны жарып өтүп, капкара сызык болуп закымга сиңип мунарыктап көз жетпейт. Жолдун эки четинде тээ алыста күтүрөгөн мал, үчтөн-төрттөн жанаша тигилген монгол боз үйлөрү. Суу жагы гана тартыш көрүнөт, ээн талаада булак көрүнбөйт, тоо жок, мөңгү жок, сууну ташып ичишет көрүнөт, жер саздак келип, мал чөөттөн, токтоп калган көлмөлөрдөн ичишет окшойт. Эттеринде да саздак жердин жыты сезилет...

Улангоом шаарынан чыкканда эле джип айдап келе жаткан шоопур эмнегедир чоочун ээрге отургансып, машинени, биринчиден, өтө жай, 70-80 менен айдаса, экинчиден, олдоксон, өзүнө анча ишене бербегендей айдап келе жатты. Оң руль “Прадо” эле. Мен шоопурдун жанында, алдыңкы орунда отургам. Ойун-чындан тамашалап начар айдап келатканын айттым. Менин 45 жылдык тажрыйбам бар машина айдоо боюнча, меники да Жапондордун джиби, начар айдасаң мен түшүп калам, бер мага, мен айдайын десем, машина ээси Баата артта отурган, бер деди. Шоопур экөөбүз орун алмаштык, жол жаңы салыныптыр, мелтиреп түптүз, машина мыкты, газды бассаң эле келет... Аалы менен Ибраимдин акырын айда, рулду эки колуң менен кармачы дегенине болбой, бат эле Кыргыз Нуурга жетип келдик. “Хартермес” деген ат коюп, туристтик комплекс салыныптыр. Биз кыргыз көлүнө келгенде мемиреп, айлана тыптынч, жыпжылуу көл мелмилдеп жабыраган майда толкун жээкке жетип-жетпей жоголуп жатты. Көлдүн суусу тунуктук, жылуу, туздуу, кадимки эле Ысык-Көл­дүн инисиндей же сиңдисиндей, бизди өзүнө тартат. Жээги да, ичи да майда эмес, кесек кум экен, ошон үчүн сууну канча кечсең да, ылайланбай, мелтиреп таптаза бойдон тура берет экен. Колу-бетибизди чайкап, кочуштап суу ичип, тоо-ташка, жер-сууга табына, бетибизге бата тартып, теңирге жалынып, чекебизди сууга тийгизе тооп кылдык. Жээгинде көпкө отурдук, жыбыраган майда толкундун дошуна кулак төшөп... Тээ тереңден чыккансыган сызылган үн кулакка үзүл-кезил угулгансып жатты...

2002-жылы Кыргыз Республикасында Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, уюштуруу, өткөрүү боюнча көп жумуштар белгиленди. Ушунун алкагында Аскар Акаевич баштаган атайын делегатсийа Кыргыз Нуурга чейин барышып, ага Ысык-Көлдүн суусун ала барып куйушканы жөнүндө массалык маалымат каражаттарында кеңири сөз болгондугу белгилүү. Аскар Акаевичти бозүй тигип, Монголдор көлдүн жээгинде тосушуптур. Ошондон тартып ал жер “уголок Аскара Акаевича” делип аталат экен. Муну бизге Увс аймагынын мурдагы губернатору, бизди Улангоом аэропортунан тосуп алып, Кыргыз Нуурга алып келген Баата Сух Очир айтып берди. Бул маалымат менин ышкымды ойготуп, ошол жерге баргым келди. Машинаны айдап (мен айдап жүрдүм күн бойу), Баатаны салып, биз Ибраим экөөбүз ошол жакка кеттик. Биздин кишилер – Аалы, Асыкбек, Гүлмира үчөө жылкынын карта-карындарын тазалап, казысынан чучук жасап, этти бышыра берели деп калып калышты (Кыргыз Нуурга келе жаткан жолдо бир айылда жылкы сойуп жатышыптыр, ошол жерден жалаң тыштуу кабырга, арка, анан ич эт сатып алдык эле).

Кыргыз Нуурдун Түштүк Батыш учунда атайылап кол менен жасап койгондой тектирче дөңсөө бар экен. Ошол дөңсөөгө бир нече боз үй тигип, Аскар Акаевичти тосушуптур. Тектирче дөңсөөдөн ылдый түшсө эле көлдүн жээги. Ошол тектирче дөңсөөнүн уландысы түзөң тартып, көлгө бир чакырымдан ашык кирип, өзүнчө бир аралча өңдөнүп, үч тарабы көл суусуна курчалган ажайып кооз жер экен.
Байыркы бабалар мекендеген кооз ажайып жерлердин көркөмүнө көңүл чалкып, сук артып, Хар Термес туристтик лагерине кайра кайттык. Келсек Аалыке менен Асыке: – Ой, эт бышып ээзилип кетмей болду, мынча эмне жоголдуңар, же Акаевдин каткан-үткөнүн издеп жүрдүңөрбү деп, мага карата тамаша ыргытып, колуңарды жуугула, эт чыгарам, деп ашканага кирип кетти да, бир кесим чучукту ысылуу бойдон оозума салды, чынында эле эзилип баратыптыр...

Эртеси эртең менен саат алтыларда туруп, көл жээгине келдим да, күндүн чыгышын көл жээгинен тосойун деген кыйазда, көл жээктеп басып жүрдүм. Күндүн чыгаарынан дайын жок. Кэчээ эле мемиреп мээрин чачып турган күн алай-дүлөй түшүп, көл буркан-шаркан сапырылып жатты. Батыштан соккон суук шамал сөөктөн өтөт, мындай суук шамал көргөн эмесмин, далдаланчу жер жок. Аңгыча Ибраим келип калды. – Эй, ушундай да суук шамал болобу десем, камаарабастан туруп гана: Баткенде болот, мындай суук шамал, - деп тумагынын кулагын түшүрдү. Асманды кара булут жылчыксыз чүмкөп, жандан өткөн суук шамал улам күчөп, учкан кесек кум бети-башты тызылдатып, арганы кетире баштады. Көл жээгинен күн тосконго кайыл болуп, жаткан жайыбызга жөнөдүк.

Аңгыча Байан улгий аймагына кыргыздарга жиберген балдарыбыз Мурат, Амангелди, Өмүрбектер түнү бойу жол жүрүп келип калышты. Аларды чыдамсыздык менен күтүп жаттык эле. Балдар ал жактагы казакташа баштаган кыргыздар менен кезигишип, алардын үйлөрүндө болуп, 1630-1650-жылдары Талас өрөөнүнөн келген экенбиз деп улуулар айтаар эле деген сөздөрүн, өздөрүн кыргызбыз деген Бейсембайдын жакшы маегин жазып алып келгендерине кубанычыбыз ашып-ташып, балдарга ыраазы болуп бапырап калдык. Ал маалыматтарга карасак, 10 миңден ашык кыргыз бар экен. Ал жерде алар казактарга, монголдорго караганда оокаттуу, билимдүү жакшы турушат көрүнөт. Ошол Бейсембайдын айтканына караганда (бул киши ошол аймактын (облус) башкы врачы болуп 25 жыл иштептир, бир нече жолу депутаттыкка шайланыптыр, мыкты хирург экен), 1991-жылы Назарбаев казактарды чакырганда, булар Акаевге кат жазышыптыр, биз кыргызбыз, бизге да көңүл буруп, моралдык жардам көрсөтсөңүздөр деген кыйазда. Жооп болбоптур, андан кийин да бир нече жолу кат жазышыптыр, жооп болбоптур.

Менимче, Акаевди тегеректеп жүргөн айрым бир чөөлөрдүн үстөлүндө калган көрүнөт, алардын өтүнүч каттары. Акаевди ошолор сойбодубу. Кийин Роза Айтматова эже Монголийага келгенде да, ал кишиге атайын келишип арыз-муңун айтышыптыр, ушуну кыргыз бийлигине жеткизе көрүңүз дегендей. Мындан да натыйжа болбоптур...

Монголийада казактар көп. Байан улгий ошолордун аймагы. Өзбекстандагы кыргыздарды өзүбектер, тажикстандагы кыргыздарды тажиктер кандай “жылма” “өзүбек, тажик” кылып жаздырып алышса, ал жактагы казактар да кыргыздарды ошентип жаздырып алышыптыр.

Алардын мүдөөсү Кыргыз мамлекети моралдык колдоо көрсөтүп, ошолор кыргыздар деп, бала-бакырасын Кыргызстандан окутуп, иштетип, карым-катышты күчөтсө, кыргыздарга аралашсак деген эле кеп. Ушуга жарабай жатпайбызбы.

Биздин балдар атайы Сиздерди издеп жолугуп кетели деп келдик дешсе, көздөрүнө жаш келип, үндөрү каргылданып, муун-жүндөрү бошоп, терең ыраазычылыгын билдиришиптир. Мунун баарын видеокамерага жазып келишти.

Биз Хотон кыргыздарына, балдар Байан улгийдеги кыргыздарга жолугуп, бир топ маалымат чогултуп, Кыргыз Нуурдун жээгинде эртең мененки саат 8 чендерде дагы бир ирээт Теңирге, касиеттүү Кыргыз Нуур көлүнө сыйынып, кой сойуп, бетибизге бата тартып, тооп кылдык. Түшкү саат 3 чендерде Кыргыз Нуур көлүнөн чыгып, 1500 км жол басып, 6-октябрдын түнкү саат 2 чамасында Уланбаатар конок үйүнө келип жеттик. 7-октябрда камданып, жыйналып, 8-октябрда учакка отуруп Бишкекке келдик. Биздин экспедитсийа, менин жеке баамымда, өтө ийгиликтүү, натыйжалуу, майнаптуу экспедитсийа болду деп эсептейм.

PS: Арийне, биз 8-октябрда Бишкекке учуп келе жатсак, учакта баягы Хотон кыргызы менен тааныштырган казак Азатхан Мукан уулу да бар экен. Ал Түркийага баратыптыр, дин кызматы бойунча. Дагы баягы Хотон кыргыздары жөнүндө айтып, изилдеп көргүлө, алар кыргыздар эле деген ойун дагы айтты да, биз менен коштошуп учуп кетти.

Чынында эле изилдеп көрүш керек экен...

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
1
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6820
Көп окулду
×