Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 15.05.2018 10:00

Лейлектеги селге 242 жандык, 30 баш бодо мал агып, 10 үй кооптуу деп табылды

Turmush -  Лейлек районундагы селден улам 10 үйгө кооптуу абал жаралды деп ӨКМ тарабынан корутунду чыгарылды. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги маалымдады.

«Сел Лейлектин 9 айылын жана Исфана шаарын каптап, 38 үйгө кирген. Алардын ичинен Бешкент айылынан 7 үйдү жана Чимген айылынан 3 үйдү ӨКМ кооптуу деп таап, корутунду чыгарылды. Аларга Исфана шаарынан жер каралууда. Ал эми жабыркаган үйлөрдүн үчөө гана камсыздандыруудан өткөн. Алардын чыгымы төлөнөт», - деп айтылат маалыматта.

13-май күнкү сел Лейлектин Ак-Суу, Бешкент, Чимген, Сумбула, Кулунду жана Исфана шаарында жүргөн. Сел суусу Чимкен айылындагы Жумаш Өмүрбаевдин үйүнө да кирген.

Үй ээлеринин айтымында, сел короо-жайды гана эмес, 5 бөлмөлүү үйүн да каптаган. 2011-жылы катуу сел жүрүп, дал ушул үйү жарактан чыккан болчу. Эми гана оңдоодон өткөрүп, кайра жашап жатканына 1 жыл болгондо кайра сел каптады. 2011-жылдагы селден кийин ал жер кооптуу деп табылганы менен көчүп чыгуу үчүн жер тилкеси берилген эмес. Мындан улам айласыздан кайрадан үйүн оңдоп жашап жатышкан.

Чимген айылында сел каптоо кооптуулугу бар 22 үй бар. 2011-жылы ӨКМ тарабынан 5 үй-бүлөгө көчүп чыгуу үчүн корутунду берилген. Калгандарына азыркыга чейин бериле элек. Ал эми
13-майдагы селден айылдагы 5 үйдү суу каптаган.

Ушундай эле көрүнүштөр Лейлектин 9 айылында орун алган. Анда райондогу айрым сел тосмолору, электр мамылары, үйлөр, жолдор жарактан чыкты.

Селдин кесепеттери менен парламенттин депутаты Таабалды Тиллаев менен ӨКМ жетекчиси Нурболот Мирзахмедов таанышты. Алар кырсыктан жапа чеккендерге жардамдар бериле тургандыгын убадалашты.

Селдин кесепеттери:

ӨКМдин маалыматына караганда, селдин кесепеттерин жоюуга 500гө жакын адам жана ар кандай техникалар тартылды.

- Селден улам жеке менчик 27 турак жайга;

- социалдык 5 объектке;

- чарбалык 8 курулушка;

- 38 короо жайга;

- 23,6 км ички чарбалык жолго;

- 6,2 км ички чарбалык арыктарга;

- 69 гектар айыл чарба жерлерине;

- чарбалык 1 көпүрөгө (толук иштен чыкты);

- чарбалык 5 көпүрөгө;

- 565 метр сел тосмого;

- таза суунун 5 түтүгүнө;

- 6 электр мамычасына;

- 4 унаага зыян келтирилген.

Ошондой эле 242 жандык малды, 30 баш бодо малды суу агызып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×