Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Эгиздер: Ханзада менен Нурзаданы кичинесинде апасы да алмаштырып алчу (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында чоңойгон 24 жаштагы эгиздер Ханзада менен Нурзада Аманбековаларды окуу жайда чогуу окуган тайпалаштары тааныбай, экөө менен тең учураша берчү. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

Нурзада бийкечтин айтымында, учурда турмушка чыгып, 1 кыздын апасы болгон. Түгөйү азырынча бойдок.

«Мен Бишкектеги "Манас" университетинин котормо бөлүмүн аяктагам. Эгизим болсо биология факультетин аяктаган. Ханзада менден жарым саат улуу (күлүп). Окуучу кезибизде мугалимдерибиз, коңшуларыбыз жакшы айырмалай албай жүрүшчү. Бирок студент болгондо экөөбүз ар башка кийинип жүрдүк. Кийимде экөөбүздүн табитибиз ар кандай. Мисалы, ал тандаган кийим мага жакпайт. Мен тандаган кийим ага жакпайт. Мурда 11-классты бүткөнчө окшош кийинчүбүз. Анда ата-энебиз болбой эле «ушуну кийесиңер» деп окшош кийимдерди алып берип коюшчу. Ханзада азыр Бишкектеги лабораторияда иштеп жатат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Кичекей кезибизде аябай окшош болгон экенбиз. Апабыз жуунтуп жатканда алмаштырып, бирөөбүздү эки жолу жуунтуп алган учурлар болуптур. 1-2-курста тайпалаштарыбыз айырмалай алчу эмес. Кандай дешсе жакшы деп учурашып кете берчүбүз. Ханзада менин тайпалаштарым менен, мен анын тайпалаштары менен учурашып койчубуз. Жаңы студент болгон учурда экөөбүз тең тайпалаштар учурушса тааныбагандыктан унчукпай кетип калчубуз. Алар «учурашсак карабайсың» деп таарынып жүрчү. Кийинчерээк билип калышты», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1158
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×