Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 15.05.2018 08:44

Мекендештер: Аламүдүндүк Б.Жумашова АКШда менеджер болуп иштеп, тасмаларга тартылды (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Арчалы айылында чоңойгон 29 жаштагы Бегимай Жумашова Американын Дестин шаарындагы итальян ресторанында менеджер жана тейлөөчү болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Америкага келгенине 8 жыл болду.

«Ушул 8 жылдын ичинде ар кандай шаарларда жашап келдим. Буйруса күзүндө Калифорниядагы окуу жайга тапшырайын деп жатам. Биринчи эле Нью-Йоркко учуп келгем. Ал жакта 3 жыл жашадым. Биринчи жумушум ресторанда болчу. Андан кийин дүкөндө иштегем. Бирок мен өзүм искусствого жакын болгондуктан кино жана телеберүү тармагында иштесем деп кастингдерге барып жүрчүмүн. Нью-Йоркто айрым кинолордун кичинекей эпизоддорунда тартылгам. Андан кийин Флорида штатындагы Майами шаарына көчүп кетип, дүкөндө менеджер болуп иштегем. Майамиде 1-2 клипке тартылгам. Иллинойс штатындагы Чикаго шаарына жашап жүргөндө ар кандай сериалдардын эпизоддоруна тартылууга жетиштим. Чикагодо такси айдап да калдым», - деди ал.

Мекендешибиз буга катар эле АКШнын жаратылышы ар башкача экендигин кошумчалады.

«Ар бир штаттын жаратылышы башкача. Мисалы, Флоридада ар дайым жаз-жай болуп турат. Бул жакта кар көрбөгөн адамдар да бар экен. Нью-Йорк, Огайо, жактарга чыксаң 4 мезгиди тең көрө аласың. Колорадо штатында болсо тоолор көп. Ал жакка кар сентябрь, октябрларда эле жаайт. Абдан кооз жер. Ар бир штат өзүнчө бир нерсеси менен өзгөчөлөнүп турат.

Ар кайсы өлкөнүн тамак-аштары бар. Өзгөчө чоң шаарларда кааласаң кореялык, кааласаң Итальянын, Япониянын, арабдардын, индиялыктардын тамактары бар. Өзүбүздүн тамактарды сагынып калганда үйдөн манты, оромо, бешбармак жасап жейбиз», - деди ал.

Бегимай бийкеч бош убактысында АКШнын башка шаарларын кыдырат.

«Биринчи келгенде Нью-Йорктогу бийик имараттар таң калтырган. Метродо бара жатып бир эле вагондун ичинде ар кайсы өлкөдөн келен адамдарды көрөсүң. Бардыгы ар кандай тилде сүйлөшөт.

Бир жолу досторубуз менен Пенсильвания штатына жаңы жыл тоскону бардык. Лыжа тебүүнү чечтик. Өмүрүмдө лыжа тээп көрбөгөндүктөн ылдый көздөй абдан күүлөнүп кеттим окшойт. Коркконумдан токтой албай калып, чоң тордун ичине кирип кеттим. Карасам, жаныма досторумдун бирөөсү келип калыптыр. Мен чыга албай жатам, «жардам берип койчу» десем, «өзүң чыкканга аракет кыл, мен болсо сени видеого тартам. Кийин ушул видеону көрүп өзүң каткырасың» деп күлдү. Ал айткандай эле, ошол видеону көрүп алып абдан күлгөм.

Бош убактымда АКШнын башка шаарларын кыдырам. Келечекте кино тармагында иштеп, Warner Brothers, 21st Century Fox, Yash Raj Films, Red Chillies сыяктуу өзүмдүн киностудиямды ачсам деп кыялданам. Бий студияларды дагы ачкым келет. Кыргызстанды тааныткым келет», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×