Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Кадамжай шаарындагы ички жолдорду сел каптады (видео)

Turmush -  Кечээ, 14-майда кечке маал жааган жамгырдан улам Кадамжай шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, сел шаардагы бир нече ички жолдордон агып, бирок олуттуу зыян болгон жок. Суу айрым жолдорду бузуп кеткен. Арыктардан да суу ашып, көп кабаттуу үйлөрдүн арасына жайылган.

Ал эми ӨКМдин райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, сел кечки саат 18:50 чамасында жүргөн. Анын кесепетинен Ош—Баткен унаа жолунун Кадамжай шаарындагы 124-чакырымына кум-шагыл түштү. Райондук №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жолду тазалап, каттам ачылды. Ошондой эле көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө кирген сууну 6 куткаруучу, арыктарды 5 куткаруучу тазалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1282
Көп окулду
×