Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы дүкөндөрдөн акча уурдап жүргөн эже-сиңди жана 1 кыз кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда дүкөндөрдөн ири суммада акча уурдап жүргөн 3 кыздан турган топ кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, облустун тургундары жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө арыздар менен кайрылышкан. Алардын арыздарында көрсөтүлгөндөй ушул жылдын январь, февраль, март айларында аял кишилерден түзүлгөн белгисиз кылмышкерлердин тобу (Ноокен, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларында) соода-сатык менен алектенген жарандардын дүкөнүнө киришип, 3 кыз соодагерди алаксытуу жолу менен кассадан ири суммадагы акча каражаттарын уурдап кетишкен.

Ушундай 6 факты менен дүкөндүн ээлери милицияга кайрылышкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерин жүргүзүшүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 3 аялды кармашкан. Алардын экөө бир тууган эже-сиңдилер болуп чыкты.

Алар:

1) Ала-Бука районунун 22 жаштагы тургуну А кызы А., мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен соттолгон;

2) Кара-Көл шаарынын 20 жаштагы тургуну Р.А., үй-бүлөлүү, мурда жогорудагы факты менен сот жообуна тартылган;

3) Кара-Көл шаарынын 22 жаштагы тургуну Р.М., үй-бүлөлүү, баласы бар.

Алар сурак берип, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1463
×