Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 15.05.2018 08:17 Жаңыланды: 05.07.2018 11:06

Жубайлар: Таластык Абды ата Үрия апага үйлөнгөндө үйүнө жөө эле алып келген (фото)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылындагы 75 жаштагы Мамыров Абды ата 69 жаштагы жубайы Бөтөшөва Үрия апага баш кошкондо үйүнө жөө эле алып келген. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Өздөрүнүн айтымында, экөө кошуна болушкан. Чогуу түтүн булатып келе жатканына 51 жыл болду.

Үрия апа: 18 жашымда айылдашыма турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүзгө жеңелерим ортого түшүп тааныштырып, кат аркылуу сүйлөшчүбүз. Кышында үйлөндүк. Үйүнө жөө эле басып келгем. Жолдошум жаман сүйлөбөйт, ишке, тиричиликке бышык адам. Кайын эне, кайын атам менен чогуу жашадык. Менин бир дагы кемчилигимди айтпай, абдан таптап чоңойтту десем болот. Абышкам да абдан көзүмдү карап, бир сөзү же колу тийген күн болбоду. Жолдошум эмгегинин үзүрүн көрүп, сыйга татыды. 75 жашында «Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу» деген наам алды.

Абды ата: 1962-жылы аскерге кеттим. Аскерден келгенимден тарта көп жыл колхоздо айдоочу болуп иштедим. Жубайым апасы менен саанчы болуп иштечү. Кең-Кол жайлоосунан уй саап апасына жардам берип жүргөн кезинде таанышкам. Кошуна болсок да кичине кезинде байкабасам керек, жеңелерине айтып таанышып алгам. Ата-энелерибиз бири-бири менен тааныш болчу. Жайлоодон унаа менен сүт ташычумун. Жубайым «айылга барам» деп менин унаама түшүп калды. Үйлөнөм деп үйгө алып келе жатсам, жарым жолдон унаадан түшүп качып кеткен (күлүп). Экинчи жолу чыгынып, ата-энеси менен сүйлөшүп, анан алып келдик. Ал кезде унаалар аз болчу. Үйүнө барып, күйөө жолдош менен жөө эле алып келгенбиз. Үйүбүздүн аралыгы 500 метр эле.

Экөөбүз ынтымакта бири-бирибизди колдоп жашап келебиз. Айтышып, урушкан учурубуз жок болду. Ушинтип жубайым экөбүз 51 жылдан бери бирге ынтымакта жашап келебиз. 1971-жылга чейин айдоочу болдум. 1976-жылга чейин айыл өкмөттө катчы болуп иштедим. Ал учурда жакшы иштейт деп колхоздо иштөөгө чакырышты. Ленин атындагы колхоздун кой чарбасында иштедим.

Жубайлар 7 кыз, 2 уул жана 18 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×