Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баракелде

Рамазан айына даярсызбы? Рамазанга чейин жасала турган 10 иш

Turmush -  Быйыл Рамазан айы 17-майда башталат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, мындай чечим 11-майда Аалымдар кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү ислам дининдеги негизги беш парздын бири болуп саналат. Саналуу күндөр калган Рамазан айына чейин жасала турган 10 ишти сунуштайбыз:

1. Тообо кылуу. Тообо – бул, Жаратканга жакпаган күнөө ишти токтотуп, сооп иштерди аткара баштоо болуп эсептелет. Жасап жүргөн ишинин күнөө иш экенин билген адам, ошол замат ал ишти токтотуусу зарыл. Андан кийин ошол ишти эч качан кайра кайталабоосу керек. Тообонун кабыл болуусу үчүн үч шарт бар: күнөө ишти аткарууну токтотуу, ошол күнөө ишти жасап жүргөнүнө өкүнүү, ал күнөөнү кайра аткарбоого убада берүү.

2. Ниет кылуу. Орозо үчүн ниет кылуу зарыл. Ниет жүрөктүн каалоосунун аты. Кылган иш-аракеттердин баары ниетке жараша бааланат. Орозо башталганга чейин ниет кылып, бул айда сооп таап, күнөөлөрдүн кечирилиши, ден соолугунун чыңдалышы үчүн ниет кылышы зарыл.

3. Рамазан айына план түзүү. Рамазан айында убакытты текке кетирбей, сооп иштерди жасап калууга аракет кылуу керек. Күндү кантип өткөрө тургандыгыңыз жөнүндө кеңири жазып алуу шарт. Мисалы: качан курандын аяттарын окуйсуз, кайсы убактыңызды коомдук ишке, үй-бүлөңүзгө жана эс алууга арнайсыз. Буларды алдын ала пландап алганыңыз жакшы.

4. Организмди даярдоо. Рамазан айы башталганга чейин организмди көндүрүү үчүн тамак-аштардын, суусундуктардын санын азайтуу сунушталат. Себеби, орозо башталганда организмди дароо ачка калтыруу оор болот. Ага чейин куурулган жана майлуу тамак-аштан жана кофе менен газдалган суусундуктан баш тартуу зарыл. Себеби алар организмдин начарлашына алып келет. Орозо айында организм кыйналбашы үчүн ага чейин кошумча орозо кармоо ашыкча болбойт.

5. Рамазан тууралуу көп окуу. Орозо айын пайдалуу өткөрүү үчүн орозо тууралуу хадис жана макалаларды көп окуу керек. Анын ден соолукка пайдасы жана окумуштуулардын изилдөөлөрү тууралуу билип алуу керек. Ошондой эле орозо кармоонун шарттары, эрежелери, пайдасы тууралуу билип алуу сунушталат.

6. Карыздардан кутулуу. Эгерде буга чейинки орозодо карыздарыңыз болсо Рамазанга чейин алардан кутулуу керек. Ошондой эле бардык акчалай карыздарды төлөп бүткөнүңүз жакшы болот. Рамазанды жеңил, жан дүйнө тынчтыгы менен тосуп алуу керек.

7. Куран окуу. Рамазан айында куранды аягына чейин окуп чыгууга аракет кылуу керек. Куранды толук окуп бүтүү үчүн аны 30 күнгө бөлүп алып окуу керек. Эгерде Рамазан айында аны окуу жеңил болушун кааласаңыз орозо башталганга чейин окуп баштаңыз. Текстти окуу жана түшүнүү жөңдөмдүүлүктөрүңүздүн үстүнөн азыртадан иштеп баштаңыз.

8. Дарыгерге көрүнүү. Эгерде буга чейин ден соолугуңуздун абалына байланыштуу дары-дармек ичип жүргөн болсоңуз, Рамазан башталганга чейин дарыгерге көрүнүп, кеңеш алуу керек. Ошондой эле тиш дарылатуу иштерин Рамазанга чейин бүтүрүп алуу кажет.

9. Үйлөрдү тазалоо. Рамазанга чейин үйлөрдү, короо-жайларды жыйнап, тазалап, бардык жуула турган буюмдарды, кийим-кечелерди жууп коюу керек. Бул айды таза жүрөк, таза дене жана ак ниеттер менен тосуу абзел.

10. Жакшы адаттарды өздөштүрүү. Рамазан – бул эски жашоо ыргагын жаңы режимге ыңгайлаштыра билүү гана эмес, жакшы адаттарды өздөштүрүп, жамандан арылууга мүмкүнчүлүк болуп саналат. Дене сергек жана жеңил болушу үчүн көнүгүүлөрдү жасоону, спорт менен машыгууну, ошондой эле жүрөк таза, эс-тутум күчтүү болушу үчүн китептерди, куран, хадистерди окууну адат кылыңыз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9313
Көп окулду
×