Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Мекендештер: Таластык Баянсулуу Германияда окуп, лабораторияда иштеп жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Балбал айылында чоңойгон 27 жаштагы Баянсулуу Тербишалиева Германияда Потсдам шаарындагы жогорку окуу жайда минералогия жана петрология адистиги боюнча билим алууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, геолог адисин 2014 жылы бүтүргөн.

«Мен бул жакка 2016-жылы май айында келгем. Азыркы учурда минералогия жана петрология адистиги боюнча магистратура бөлүмүн аяктап жатам. Мен окуган университетте кыргыздар бар деп уккам, бирок жолуктура элекмин. Университеттеги лабораториясында саатына 15 евро алып иштейм. Ошол келишим аркылуу виза алгам. Алган стипендиям бул жактагы жашоомо жетет. Германия менен Кыргызстанды салыштыруу өтө татаал. Кыргызстанда менин ата-энем жана бир туугандарым бар үчүн сагынам. Германияда студентке болгон тамак-аштар, кино, музейлер мамлекеттен 50% арзандатуу менен берилет.

Жаңы келгенде тилден кыйналдым. Анткени мен бул жакка англис тили менен келгем. Азыр немис тилин эркин сүйлөй алам. Бул жакта окууга, билимге жакшы көңүл бурушат. Окуу менин көп энергиямды, убактымды алат. Бул аракеттин артынан келечекте кесибимди мыкты өздөштүргөн адис болсом дейм», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1662
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×