Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Айыл турмушу: 25 жаштагы ырчы А.Болотканов эмерек жасап кошумча киреше табууда (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 25 жаштагы тургуну, ырчы Азим Болотканов музыкага бала кезинен жакын өсүп, классика жана лирика жанрындагы ырларды аткарууну жакшы көрөт. Учурда анын репертуарында «Аппагым», «Татынам» жана башка чыгармалар бар. Ырчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Токмок шаардык музыкалык окуу жайда билим алган Азим Болотканов учурда өзүн ар тараптан сынап келет. Ал бош убактысында эмерек жасап, кошумча киреше да табууда.

«Учурда Токмоктогу музыкалык окуу жайда билим алам. Өзүм классика жана лирика жанрындагы ырларды жакшы көрөм. Негизи музыкага бала кезимден жакын өстүм. Ошондо эле магнитофондун жанынан карыш чыкпай, түшүнбөсөм да ар түрдүү музыкаларды укканды жакшы көрчү экенмин. Ал окуяларды кийин ата-энем айтып, күлүп жүрүштү. Ырчылык өнөрдөн сырткары тойлордо эрке бала болуп алып баруучу болууну көздөп жүрөм. Бул боюнча өнөрүмдү элге тартуулай элекмин, бирок келечекте болуп калат. Учурда "Аппагым" жана "Татынам" деген ырларды аткарып жүрөм», - деди ал.

Азим Болотканов «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деген макалды ураан тутуп келет.

«Менин бош убактым жок. Кичине бошосом эле эркекке тиешелүү өнөрлөрдү үйрөнүүгө ашыгам. Кыргызда "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп айтылат эмеспи. Мисалы, эмерек жасоонун ыкмасын да үйрөнүп алгам. Бош убактым болгондо ушул эмерек жасоо менен алектенип, кошумча киреше таап алам», - деди ал.

Азим Болотканов үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

«Ата-энем, бир туугандарым бар. Жашоомдо өкүнгөнүм — чоӊ сахнага ырдап чыга албай келе жатканым. Ал эми жашоомдо эсимде калган окуялардан бирди айтып берейин. Ал кезде "Агент" социалдык түйүнү жаӊы чыгып, элдин баары "Агент" аркылуу сүйлөшүп, мода болуп жаткан. Мен да замандан артта калбай, "Агент" менен ооруп калдым. Бир жолу көчөдө "Агенттен" сүйлөшүп, жазышып бара жатып ушунчалык сөздөргө берилип кеткен экенмин. Бир учурда темир түтүктү басып алып, анын башы чекеме келип тийди. Ошондо дароо эсиме келе түштүм. Ушул окуяны эстесем азыркыга чейин күлө берем», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1082
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×