Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Айыл турмушу: Эки кесиптин ээси Ж.Собурова Жайылда мыкты мугалим аталып, 10 000 сом менен сыйланды (фото)

Turmush -  Суусамырлык орус тилчи жана адабиятчы Жумагүл Собурова «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынан 1-орунду багындырып, Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана 10 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумагүл Собурова аталган сынакка февраль айынан тартып даярданып баштаган.

«Бизде дайыма "Жылдын мыкты мугалими" деген сынак болуп турат. Жыл сайын мугалимдер кезектешип катышабыз. Быйыл бул сынакка катышып, өз күчүмдү сынадым. Сынак 3 тур менен өттү. 1-турда 5-мартка чейин мугалимдик портфолиобузду тапшырып, 16-мартта тесттен өттүк. Ал эми 5-апрелде №12 орто мектепте 6-класстын окуучуларына сабак бердим. Жалпы 44 мектептин мугалимдеринен тандалып отуруп, 6 мугалим жана 4 тарбиячы финалга чыктык. Финал 10-майда маданият үйүндө өтүп, чыгармачылык презентациябызды жана хоббибизди көргөздүк. Жыйынтыгында 1-орунга ээ болуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана 10 000 акчалай сыйлык алып, жылдын эң мыкты мугалими аталдым. Ар бир жумуштун өз кыйынчылыктары болот эмеспи. Бул сынакка февраль айынан баштап эле даярданып баштагам. Көп кыйынчылыктар менен жеңишке жеттим деп ойлойм. Бирок жеңишке жеткен соң, ал кыйынчылыктар да жеңилип калды», - деди жеңиш ээси.

Жумагүл Собурова 1979-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылында төрөлгөн.

«Балачагым Сумсар айылында өттү. 1996-жылы Бишкектеги медициналык колледжине медайым бөлүмүнө тапшырып, 3 жыл окудум. Андан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тил жана орус адабият факультетин бүтүргөм. Эмгек жолумду медайымдыктан баштадым. 3 жыл республикалык ооруканада медайым болуп иштедим. Суусамырдын Кожомкул айылына келин болуп келгенден кийин ФАПта 4 жыл эмгектендим. Ал эми 2011-жылдан тартып Кожомкул айылындагы С.Мырзакматов атындагы орто мектебинде орус тили жана орус адабият сабагынан мугалим болуп иштеп келе жатам. Эки кесиптин кыйынчылыктары жана жоопкерчиликтери абдан көп.

Балдар дүйнөсү эң кызыктуу. Алардын мотурайган көздөрүн көрүп, өзүмдүн кайгымды унутуп калам», - деди ал.

Эки кесиптин ээси бош убактысында курак курап, төшөк, туш кийиздерди жасайт.

«Бир күнү окуучуларым "эже класска жүрсөңүз" деп чакырып калышты. Эмне болуп кетти экен деп бара калсам, "сюрприз" дайындап коюшуптур. "Майрамыңыз менен!" деп кыйкырып жиберишсе, эмне деримди билбей, абдан толкундандым.

Тикмечилик өнөрүм да бар. Кээде үйдө бош болгондо курак курап, төшөк, туш кийиздерди жасайм.

Жолдошум курулуш тармагында алектенет. Экөөбүздүн баш кошконубузга 18 жыл болду. 2 уул, 3 кызды тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1576
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×