Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусу, Токмок 14.05.2018 14:28

Эстеликтери менен белгилүү Ак-Бешим айыл аймагындагы археологдорго жардам көрсөтүлөт, - Маданият министрлиги

Turmush -  Токмок шаарына жакын жайгашкан Ак-Бешим айыл аймагы дүйнөлүк деңгээлде маанилүү болгон археологиялык эстеликтери менен белгилүү. Бул аймак менен маданият министринин орун басары А.Султанбаева жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонбекова таанышып келишти, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.

«Шаарча 1894-жылы ачылган. В.В.Бартольддун казуу иштеринин натыйжасында X-XII кылымдарда курулган байыркы караханид мамлекетинин борбору Баласагын табылган. Ошондон баштап ал жерде казуу иштери тынымсыз жүрүүдө.

Сапардын жыйынтыгында А.Султанбаева Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле маданий мурастарды сактап калуунун маанилүүлүгүн белгилеп, казуу менен алек болгон археологдорго министрлик тараптан жардам көрсөтүлөрүн айтты», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×