Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Сокулук районунун эки айылында футболдук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Саз менен Конуш айылдарында жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын демилгеси менен футбол мелдеши өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган мелдеш Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгына карата уюштурулган. Оюндун жыйынтыгында «Ынтымак» командасы 1-орунду, 1988-жылы төрөлгөн балдардын курама командасы 2-орунду, ал эми мектеп окуучуларынан куралган команда 3-орунду алды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөндөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештин байге фонду 8 000 сомду түзгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 371
Көп окулду
×